ВЕНЕРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВЕНЕРОЛОГИЯ ( барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕРОЛО́ГИЯ ( лат. venus – сүйүү кудайы ж-а ...логия) – медицинанын венера ооруларынын пайда болуу себептерин, таралуусун, диагностикасын жана клиникалык өөрчүшүн изилдөөчү, ошондой эле аларды дарылоо жана алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Венерология дерматология жана башка медициналык илимдер менен тыгыз байланыштуу. Көп убакыт котон жара менен сүзөктү бир оору деп эсептешкен. 1879-жылы немец венерологу А. Нейссер сүзөк козгогучун – гонококкту таап, анын өзүнчө оору экенин аныктаган. 1905-жылы немис илимпоздору Ф. Шаудин жана Э. Гофман котон жара козгогучу – спирохетаны табышкан. Венера ооруларынын козгогучтарынын биологиясын изилдөөгө орус окумуштуусу А. Я. Виленчук, америкалык окумуштуулар Х. Э. Мортон, Т. Ф. Андерсон, Р. А. Нельсон, француздук окумуштуу Ф. Жанель, англиялык окумуштуу А. Уилсон ж. б. өз эмгектерин арнаган. Советтик окумуштуу Н. М. Овчиников электрондук микроскоптун жардамы менен спирохеталар, лептоспиралар ж. б-дын өсүшү менен түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн ачкан. Котон жарадан ички органдардын, нерв системасынын жабыркоосун диагноздоо жана дарылоо өзгөчөлүгү, котон жараны диагноздоо үчүн жаӊы иммундук флюоресценция реакциясы иштелип чыккан жана практикага киргизилген.