ВЕРДИКТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВЕРДИ́КТ (лат. veredictum – чыныгы, туура айтылган) – бир катар өлкөлөрдөгү жазык процессинде сот арачылар (суд присяжных) коллегиясынын коюлган маселелерге, анын ичинде негизги – соттолуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу маселеге карата чечими (өкүмү). Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан жарандарга мыйзамда каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укук берилген.
К. Эсенканов.