ВЕРЕЩАГИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРЕЩА́ГИН Василий Васильевич [14(26).10.1842, Новгород губерниясы, Череповец шаары – 31.3 (13.4), 1904] – орус баталист живописчиси. Алгач Петербург көркөм сүрөт академиясында (1860–1863), кийин Парижде (1864–1865) окуган. Бир нече жолу Кавказга, Крымга, эки жолу Түркстанга (1867–1868, 1869–1870), эки ирет Индияга (1874–1876, 1882) барган. 1877–1878-жылдары орус-түрк согушуна катышкан. 1884-жылы Сирия менен Палестинаны, 1880–1903-жылдары Америка, Япония жана Россиянын чет-жакаларын кыдырып чыккан. 1904-жылы орус-япон согушуна катышкан. В. Верещагин өзү күбө болгон согуш элестерин чагылдырган «Согуш апофеозу» (1871–1872), «Чабуулдан кийин» (1881)

В. Верещагин. «Куш кармаган кыргыз
байы». 1871. Мамл. Третьяков гал.

жана башка атактуу чыгармаларын жараткан. В. В. Верещагиндин картиналары документтик тактыгы, автордук ойдун ачык берилиши жана түстөрдүн карым-катнаштарынын ыргактуулугу менен айырмаланат. Верещагин турмуш чындыгын ырааттуу көргөзүүгө умтулган демократ сүрөтчү болгон. В. Верещагиндин чыгармачылыгында «Түркстан сериясы» (1871–1874) өзгөчө орун ээлейт. Аталган серияга кыргыз жери жөнүндөгү көптөгөн тематикалык чыгармалары [«Чүй суусу боюндагы кыргыз боз үйү», «Кыргыз көчү» (1869–1870), «Куш кармаган кыргыз байы» (1871) жана башкалар] жана этюддары («Барскоон өткөөлү», «Ала-Тоо аймагында», «Ысык-Көл» жана башкалар) кирген. Верещагин кыргыз элинин турмушун, жаратылышынын кооздугун суктануу жана тереӊ сый-урмат менен тарткан.



Ад.: Лебедев А. К. В. В. Верещагин. М., 1972.