ВЕРОНЕЗЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРОНЕ́ЗЕ (өз аты-жөнү – Кальяри) Паоло (1528, Верона – 19.4.1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, соӊку Кайра жаралуу доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), ошондой эле Верона, Виченца, Мантуя ж-а Падуя шаарларында иштеген. Алгачкы чыгармаларын (1540–50) Микеланжело, Рафаэль, Кор-

П. Веронезе. «Левия үйүндөгү той». 1573. Академия галереясы (Венеция).

режо, Тициандын сүрөттөрүнүн таасиринде жараткан. Венеция республикасынын даражасын, согуштук ийгиликтерин даӊазалаган май боёк м-н тарткан сүрөттөрү табынуу имараттарынын дубалдарына ж-а плафондоруна кадалган. Веронезе тарткан образдар алибеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаӊдуу («Карылык жана жаштык», 1553; «Диалектика», 1575–77; «Венеция салтанаты», 1578–85; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү). Веронезенин фрескаларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Мазерадагы Барбаро Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар м-н пейзаждарга айкалышып кетет. Станоктук сүрөттөрүндө («Кандагы никелешүү», 1563, Париждеги Лувр; «Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши», 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук гал.) адам м-н тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылдырылат. Айрым портреттери («Белла Нани», 1550, Париж, Лувр; «Граф да Порто уулу Адриано менен», 1556, Флоренция, Контини – Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. Веронезеге Кайра жаралуу өкүлдөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашындагы кризистин таасири тийип, соӊку чыгармаларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен («Европаны уурдоо», 1580; Венеция, Дождор сарайы; «Агарь менен Исмаил чөлдө», 1580, Тарыхый-көркөм музей). Веронезенин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло м-н Габриеле.
Ад.: Антонова И. А. Веронезе. М., 1957; Фомичева Т. Д. Веронезе. М., 1973.