ВЕСТИБЮЛЬ АППАРАТЫ
ВЕСТИБЮ́ЛЬ АППАРАТЫ (лат. vestibulum – кире бериш) – адам ж-а омурткалуу жаныбарлардын денеси м-н башынын абалынын мейкиндикте өзгөрүүсүн, ошондой эле кыймылдын багытын (тездөө, дирилдөө) кабыл алуучу сезүү органы; ички кулактын бир бөлүгү. Ал – вестибюль анализаторунун татаал рецептору. Вестибюль аппараты ички кулактын кирпикче клеткалары м-н эндолимфалардын жыйындысынан турат. Вестибюль аппаратынын козголуусун угуу нервинин вестибюль бутагы мээге өткөрөт. Анын функциясынын борборлору каракуш мээ, көздү кыймылдаткыч нервинин ядролору, вегетатив нерв истемасынын борборлору м-н байланышкан. Вестибюль аппаратынын жогорку кыртыш борбору мээнин чоӊ жарым шарынын чыкый бөлүгүндө жайгашкан. Анын рецепторлорунун дүүлүгүүсүнөн дененин абалы өзгөргөндө теӊ салмактуулукту сактоочу айрым рефлекстер (моюн, дене, кол, бут булчуӊдарынын тонусу өзгөрөт) пайда болот. Адамда вестибюль аппараты катуу дүүлүккөндө баш айланат, жүрөк иши, дем алуу ыргагы бузулат, жүрөгү айланып, кусат. Эгер ал дүүлүктүрүү бат-бат кайталаганса, ага болгон реакция азая баштайт. Моряктар, учкучтар ж-а космонавттарды вестибюлдук машыктыруу ушуга негизделген.