ВЕТЕРИНАРИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ
ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ – мал чарбачысында, жаныбардан алынган прокдуцияны ж-а сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбарларды ж-а алардан алынган продукцияны экспорттоодо ж-а импорттоодо ветеринария-санитариялык норма ж-а эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санитариялык сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринариялык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге таянып норманын чегинен чыккан продукциялардын абалын ж-а сапатын аныктайт. Бул көзөмөлгө эт ж. б. тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринариялык закон талап кылгандай ар бир жаныбардан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон ж-а адамга зыяндуу продукцияларды ж-а сырьёну конфискациялоо, жок кылуу, утилдөө ж-а зыянсыздандыруу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарбасында Ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш каражаттарын же өндүрүш объектилерин колдонбоо жөнүндө тыянак берүү; жагымсыз тоют ж-а сууну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу ж-а мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим кабыл алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсептелген зонадан мал продукциясын ж-а сырьёну ташуу ж-а колдонуу иш-чараларын иштеп чыгуу ж-а көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринария-санитариялык ишканалардын ветеринар адистери жүргүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринария-санитариялык эрежелерди бузган тарапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемиологиялык кызмат м-н бирдикте иш жүргүзөт. А. Ш. Иргашев.