ВИКТОРИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВИКТОРИ Я ЧОӉ ЧӨЛҮ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТО́РИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ – Австралиянын түштүгүндөгү кумдуу чөл. Аянты 300 миң км2. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 150–300 м. Дайыма жүрүп туруучу шамалдын багытына карай жаткан кум жалчалары басымдуу (бийиктиги 10– 30 м); ал спинифекс өсүмдүктөрүнүн тамырла­ры м-н бекемделген. Жылдык жаан-чачыны 125–250 мм. Улуттук парк уюшулган.