ВИЛЬСОН КАМЕРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЬСОН КАМЕРАСЫ – заряддуу бөлүкчө­лөрдүн кыймыл издерин байкоого ылайыктал­ган прибор. 1912-жылы англиялык физик Ч. Вильсон түзгөн. Анын иштөө принциби өтө каныккан буунун конденсацияланышына, башкача айтканда заряддуу бөлүкчөлөрдүн өткөн жолунда майда суу там­чыларынын пайда болушуна негизделген. Ион­дордо тамчы пайда кылуучу өтө каныккан буу­нун чоңдугу буунун табиятына ж-а иондун за­рядына көз каранды болот. Алсак, суу буусу көбүнчө терс иондордон конденсацияланса, этил спиртинин буусу оң иондон конденсацияланат. Өтө каныккан буу камеранын көлөмүн бат ке­ңейтип, температуранын кескин төмөндөшүнүн на­тыйжасында пайда болот. Вильсон камерасы негизинен эле­ментардык бөлүкчөлөрдүн ж-а космос нурлары­нын физикасын изилдөөдө колдонулат.