ВИНОГРАДНЫЙ (Чүй районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВИНОГРАДНЫЙ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНОГРА́ДНЫЙ – Чүй облусунун Чүй районундагы кыштак. Сайлык айыл өкмөтүнө караштуу. Чүй дарыясынын боюнда жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыштагынан ж-а Токмок темир жол бекетинен 5 км аралыкта. 1942-жылы негизделген. Деңиз деңгээлинен 800 м бийиктикте. Калкы 2308 (2022); негизи­нен жүзүмчүлүктө, дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана бар.