ВИНОГРАДНЫЙ (Аламүдүн районун­дагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНОГРА́ДНЫЙ – Чүй облусунун Аламүдүн районун­дагы кыштак. Васильевка айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Чүй дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Лебединовка кыштагынан 38 км түндүк-батыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 40 км. 1910-жылы негизделген. Калкы 4914 (2022); неги­зинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эм­гектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, универмаг, кафе, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Жоопкерчилиги чектелген «Шабдан-Багратиони» ишканасы иш­тейт.