ВИРУНГА (жанар тоо тобу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВИРУНГА 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИРУ́НГА , М у ф у м б и р о – Чыгыш Африка­дагы жанар тоо тобу. Конго Демократиялык Республикасынын, Уганданын ж-а Руанданын аймагында. Чыгыш Африка рифт системасынын батыш бөлүгүндө, Киву көлүнүн түндүк тарабында жайгашкан. Чы­гыштан батышты карай 80 км аралыкка созу­лат. Батышында аракеттеги 2 (Ньирагонго, Ньямлагира), борбордук бөлүгүндө ж-а чыгышында өчкөн 6 (анын ичинде Кирисимби, бийиктиги 4510 м – Вирунганын эң бийик жери; Микено – 4437 м ж. б.) ж-а 400дөн ашык (бийиктиги 50–150 м) өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор бар. Базальт ж-а тра­хиандезит тектеринен турган лава конустары басымдуу. Аракеттеги жанар тоолордон көбүнчө лава чыгат. Вирунганын эң активдүү Ньямлагира жа­нар тоосунда 1912–13, 1938–40-жылдары катуу атылуулар катталган. Жанар тоолордун этегин­де лавалуу түздүктөр пайда болгон. Вирунганын ай­магында өтө катуу жер титирөөлөр болот. Ай­рым бөлүктөрү Вирунга улуттук паркынын чегинде.