ВИТАЛИЗМ
ВИТАЛИ́ЗМ (лат. vitalis – жашагычтык, тирүү) – жандуу жаратылыштын жансыз табыяттан сапаттык айырмаланышы ж-өнүндөгү, жашоонун жүрүшүн жансыз дүйнөнүн күчтөрүнө ж-а закондоруна кошууга болбой тургандыгы жөнүндөгү, тирүү денелерде жансыз заттарда жок, өзгөчө факторлордун бар экендиги тууралуу окуу, же жандуу организм маңызында тирүүлүк деген материалдык эмес, табыйгаттан тышкаркы өзгөчө бир кудурет нерсе жашоонун бардык көрүнүштөрүн башкарып турарын тааныган ж-а жактаган агым. Философтор (Платон, Ф. В. Шеллинг, А. Бергсон) ж-а илимй-табигый Витализм деп айырмалашат. Айрыкча, илимий-табигый Витализм жашоо аракеттерин, тирүүлүк ишин бүт бойдон жансыз жаратылыштын күчтөрү м-н закондоруна алып барып такаган механицизмге карама-каршы турат. Өз кезегинде Витализм биологиянын ж-а психологиянын бир катар тармактарына [эмбриологияда морфотектик (морфогенетикалык) талаалар теориясы, гештальтпсихология] таасир көрсөткөн, ошондой эле жаңы агымдарды (органицизм, холизм ж. б.) жаратты. Биологиялык себептүүлүк тегине карата механисттик көз карашты сынга алгандыгын Витализмдин эң күчтүү жагы катары бардык агымдардын өкүлдөрү баалашат. Себептүүлүк боюнча биология ж-а физика илимдеринде алда канча кеңири, механисттик эмес көз караштар бекемделип, азыркы замандагы эң татаал, өзүн өзү уюштуруучу системалап кароонун өнүгүшү м-н, Витализм өз таасирин жоготту.