ВИШНЕВСКИЙ Всеволод Витальевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВИШНЕВСКИЙ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИШНЕ́ВСКИЙ Всеволод Витальевич [8(21).12. 1900, Санкт-Петербург –28.2.1951, Москва] – орус жазуучусу. Ал биринчи дүйнөлүк согушка, 1917-жылы октябрда Петрограддагы көтөрүлүшкө катышкан. Граждандык согушта (1918–20) жүрүп, Балтика ж-а Кара деңиз флотторунда коман­дир ж-а саясий кызматкер болгон. 1939-жылы ак финдер м-н болгон согушка, 1941–44-жылдарда Ленин­градды коргоого катышкан. 1944–51-жылдарда «Зна­мя» журналынын редактору болуп иштеген. Чыгармачылык иши 1920-жылдарда башталган. «Де­ңиз аңгемелеринин жыйнагы» (1924), «Бирин­чи атчандар армиясы» (1929) аттуу эпикалык драмасы, «Акыркы чечүүчү» (1931), «Батышта­гы салгылашуу» (1933), «Оптимисттик траге­дия» (1933), «Унутулгус 1919-жыл» (1949; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1950) пьесалары бар. Вишневскийдин «Оп­тимисттик трагедиясы» б-ча жазылган опера Кыргызстанда да коюлган. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.