ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ
ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ [1925-жылга чейин РКП(б) БКнын Орто Азия Бюросу] – 1922-жылы апрелде РКП(б) БКнын Түркстан бюросунун ордуна түзүлгөн жетекчи орган. Анын бөлүмдөрү ж-а партиялык уюмдарга жетекчилик кылуучу аткаруу комиссиялары болгон. ВКП(б) БК бюро мүчөлөрүнүн санын белгилеген ж-а бекиткен. ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун биринчи төрагасы С. И. Гусев, андан кийин 1922–24-жылдарда Я. Э. Рудзутак болгон. 1924-жылы ал кызмат ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун биринчи секретары деп аталып, анда И. А. Зеленский (1924–31) ж-а К. Я. Бауман (1931–34) иштеген. 1924-жылы Бюро секретарларынын саны көбөйгөн. Орто Азия республикаларындагы партиялык-советтик уюмдарынын жетекчилери (Ф. Хожаев, А. Осмонбеков, К. Атабаев, Т. Рыскулов, Р. Исламов ж. б.) ал Бюрого мүчө болушкан. ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросу жергиликтүү калктан партиялык, мамлекеттик, чарба кадрларын даярдоодо зор милдет аткарган; Орто Азияда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого, чет өлкөлүк интервенттерди ж-а ички революцияга каршы кыймылды басууга жетекчилик кылган. 1924–25-жылы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү, республикалардын ж-а республикалык компартиялардын түзүлүшү, 1924–29-жылдарда жер-суу реформаларын жүргүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү, аялдар азаттыгына байланыштуу маселелерди чечүүгө байланыштуу иштер, ошондой эле индустриялаштыруу, коллективдештирүү ж-а маданий революция Бюронун жетекчилиги м-н аткарылган. 1936-жылдан Орто Азия ж-а Казакстанда өз алдынча Коммунисттик партиялары ж-а алардын борбордук комитеттери иштей баштагына байланыштуу Орто Азия бюросунун зарылдыгы болбой калган. 1939-жылы Бюро ВКП(б) БКнын чечими боюнча жоюлган.
К. Дүйшөналиев.