ВОЛКОВА Анна Александровна
ВОЛКОВА Анна Александровна (12. 1. 1902, Пенза облусу, Кузнецк шаары – 21.1.1983, Фрунзе) – советтик микробиолог, ветеринария илимдеринин доктору (1951), профессор (1951), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1955), биология бөлүмүнүн академик-секретары (1955–57), вице-президенти (1957–60). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1947). Саратов ветеринария институтун бүтүргөн. (1924). 1930-жылга чейин ветврач.

1930-жылдан Азербайжан м-н Кыргызстадын ветеринария илим изилдөө мекемелеринде иштеген. 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын биохимия ж-а физиология институтунда лаборатория башчысы. Эмгектери негизинен койдун жугуштуу ылаңдарына арналган. СССР мамлекеттик сыйлыйгынын лауреаты (1947). 1950–54-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Койлордун кыртыштагы микробдордон пайда болуучу жугуштуу оорулары. Ф., 1954.