ВОТЧИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ТЧИНА – жерди (курулуш, унаа-шайманы м-н кошо) ж-а көз каранды дыйкандарды феодалдык менчиктөөнүн, ошондой эле ал менчиктөөгө байланыш­туу укуктар комплекси. Вотчина европалык ар кайсы элде ар кандай (сеньория, манор, поместье ж. б.) аталган. Р о с с и я д а 11–18-кылымда өкүм сүргөн феодалдык жер менчигинин бир түрү да Вотчина деп атал­ган. Бул термин орусча «отчина» (ата мурас) де­генден келип чыккан. Ээси Вотчинасын сатып, ошондой эле мураска да калтыра алган. Ири Вотчиналар 15-кылымдын аягына чейин феодалдык ээлөөнүн кеңири таралган формасы болгон. Борбордошкон орус мамлекети күчөп турганда поместьелик жер ээлөө өнүгүп, княздык ж-а боярдык Вотчиналар опричнинанын кы­сымынан кедери кеткен. 16–17-кылымда Вотчина м-н поме­стье (чектелген ж-а шарттуу жер ээлөө) жакын­дашып, ал экөө Пётр Iнин жеке мурас жөнүндөгү указы боюнчача (1714) бириктирилген.