ВРАНГЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВРА́НГЕЛЬ Фердинанд Петрович (Фердинанд Фридрих Георг Людвиг) [1797, Псков –1870, Дерпт (Тарту), Эстония] – орус деңиз саякат­чысы, барон (1855), адмирал (1856), генерал-­адъютант (1856), корреспондент-мүчө (1827), Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1855). Деңиз кадет кор­пусун бүткөн (1815). Орус география коомун уюш­туруучулардын бири. 1817–19-жылдарда Врангель «Камчатка» кемеси м-н дүйнөнү айланып чыккан экспеди­цияга катышкан. 1820–24-жылдарда Колыма экспеди­циясына башчылык кылып, Сибирди чулгаган Муз деңизин, Сибирдин түндүк-чыгыш жээктерин, Индигирка дарыясынын чатынан Колючи булуңчасы­на чейинки аралыкты изилдеген. Аюулуу аралын картага түшүрүп, Колыма дарыясынын чатынан түндүктө ж-а Шелаг тумшугу тушта ачык деңиз (мурда кургактык деп божомолдонгон) бар эке­нин аныктаган. Полярдык деңиз толугу м-н тоң­богонун далилдеп, арал бар экенин айткан. Ал аралды 1867-жылы Т. Лонг ачып, Врангелдин ысымы­нан аталган 1824–27-жылдарда «Кроткий» кемеси м-н дүйнөнү айланып чыккан орус экспедициясын, 1829–35-жылдарда Аляскада жашаган орус тургунда­рын жетектеген. Лондондогу география король коомунун корреспондент-мүчөсү (1837). Демидов сыйлы­гы (1842) ж-а 4-даражадагы Ыйык Георгий ор­дени м-н сыйланган (1837). Анын атынан Түндүк Муз ж-а Тынч океандарындагы аралдар, Аляс­кадагы тоо, тумшук, бухта ж-а Алеут аралындагы тоо аталган.

Ад.: Пасецкий В. М. Врангель Ф.П. М., 1975; Давыдов Ю. В. Врангель В. Ф. М., 1959; Масленников Б. Г. Морская карта рассказывает/ 2-е изд. М., 1986.