ВХУТЕИН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВХУТЕИ́Н , жогорку көркөм техникалык институт – 1926–1930-жылдардагы Москва жогорку көркөм сүрөт окуу жайы. Вхутеин Вхутемастын жолун жолдоп, ордун баскан жана көп учурда анын антиреалисттик практикасын уланткан. Керектүү реалисттик устаттыкка жетиш үчүн Вхутеинди бүткөн таланттуу сүрөтчүлөр өз алдынча билимдерин өркүндөтүшкөн. Вхутеин 1930-жылы жоюлган. Анын базасында Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) көркөм сүрөт институ (1944-жылдан Живопись, скульптура жана архитектура институту) жана Москвадагы архитектура институту негизделген.