ВЫГОЗЕРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫГО́ЗЕРО , В ы г, В ы г о з е р о с у у с а к т а ­г ы ч ы – Карелиядагы көл. Аянты 1159 км2, тереңдиги 18 мге чейин. 1932–33-жылдарда Төмөнкү Выг дарыясына Выгозеро суу сактагычы курулгандан кийин Выгозеронун аянты 1250 км2ге жеткен. Суусунун дең­гээли 1 мге чейин өзгөрүп турат. Октябрдын ая­гы – ноябрдын башынан тоңуп, майдын аягында ачылат. Куймалары: Жогорку Выг, Вожма, Се­гежа, Онда. Кеме жүрөт (Ак деңиз – Балтика каналынын системасына кирет). Энергетикада пайдаланылат. Боюнда Сегежа шаары жайгашкан.