ВЬЕТНАМДАР
ВЬЕТНАМДАР (өздөрүн кинь, вьет деп аташат) – эл, Вьетнамдын негизги калкы.


Таиланд, Лаос, Камбожа, АКШ, Франция, Кытай, Канада ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 62,15 млн адам, анын ичинде Вьетнамда 61 млн (1992). Вьетнам тилинде сүйлөшөт. Буддисттер, католиктер, протестанттар ж-а жергиликтүү секталардын жолун туткандар да бар. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунда эле Хонгха ж-а Сицзян д-нын боюнда вьет уруулары жашашкан (булардын арасында көп сандаган лаквьеттер тобу болгон). Вьетнамдардын ата-бабалары б. з. ч. 4–3-кылымда Вьетнам ванланг уруулар союзунун негизин түзүшкөн, бирок аларды б. з. ч. 267-жылы тэйау уруулары талкалаган. Түндүк Вьетнамдын аймагында алардын Аулак мамлекети пайда болгон. Ушул мезгилде тэйау урууларынын лаквьеттер м-н ассимиляцияланышы Вьетнамдардын калыптанышына алып келген. Б. з. ч. 207-жылы Аулак мамлекети лаквьеттердин б. з. ч. 111-жылы кытайлар басып алган Намвьет мамлекетинин курамына кошулган. Б. з. 10-кылымда кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында вьеттердин борборлошкон, көз каранды эмес Дайвьет мамлекети пайда болгон. 17–19-кылымда улуттук консолидация процесси жүрүп, 1804-жылы өлкө Вьетнам деп аталган. Узак тарыхый өнүгүүдөн кийин 20-кылымдын башында Вьетнамдар улут болуп түзүлгөн. Вьетнамдардын негизги кесиби – дыйканчылык (шалынын 200 сортун, жүгөрү, күнжүт, чай ж. б. өстүрүшөт), мал чарбачылык ж-а балыкчылык. Вьетнамдар кыштактарында негизинен дубалы сокмо м-н саман аралаш топурактан, бамбуктан тургузулуп, чатыры пальма жалбырагы же күрүчтүн саманы м-н жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийимдери – кездемеден (пахтадан согулган) тигилген кемсел, кара түстөгү шым, пальма жалбырагынан өрүлгөн калпак, майрам күндөрү ачык түстүү жибектен тигилген халат-көйнөк (аозай) кийишет. Айыл жерлеринде жылаңаяк, кээде өрүлгөн сандалчан жүрүшөт. Тамак-ашы негизинен күрүч, жашылча, балык азыктары, этти майрам күндөрү гана жешет. Негизги суусундугу – чай. Вьетнамдарда тишти кара боёк м-н боёп, бетел чайнаган салты болгон. Маанилүү майрамы – Тэт (жаңы жыл), тет-чунг тху (күз майрамы). Майрамдарда селкинчек тээп көңүл ачышат, короз согуштуруу, кайык жарыштыруу ж. б. оюндары бар. Азыркы мезгилде Вьетнамдар өнөр жай ж-а транспорт тармактарында иштешип, европа үлгүсүндөгү кийимдерди кийишет. Ш. Керимова.