ГЁТИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЁТИТ (немец акыны И. В. Гётенин ысмынан) – темирдин суулуу кычкылдарынын тобундагы минерал. Химиялык формуласы FеООН. Ромб сингониясында кристаллданат. Өӊү кара күрөӊ, саргыч ж-а кызгылт күрөӊ. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–5,5. Салыштырма салмагы 4,3. Гётит темирдин сульфид-

дери м-н бирге гидротерм ж-а темир кенташтарынын гиперген, чөкмө кендеринде кездешет. Гётит – темир кенташы (pyдacы).