ГАВАЙЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВАЙЛЫКТАР – АКШдагы полинезия эли, Гавайи аралындагы жергиликтүү калк. Жалпы саны 401,2 миӊ киши, анын ичинен таза кандуу Гавайлыктар 1 миӊдей, калгандары – гавайи-азиялык, гавайи-америкалык ж-а гавайи-европалык аргындар (2000). Гавай аралында 239,7 миң адам, Калифорнияда 60,1 миң адам жашайт. Гавайи, ошондой эле пиджин-инглиш (гавайи вариантындагы англис тили) тилинде да сүйлөшөт. Дини негизинен протестанттар ж-а католиктер. Гавайи аралына европалыктар келген мезгилде (1778) калктын саны 300 миӊдей болгон. Чоӊ-чоӊ үй-бүлөлүк жамааттар (охана) жашап, 2 социалдык катмарга бөлүнгөн: ак сөөктөр («тектүү») ж-а общинниктер (макааинана). Айрым аралдарда аскерлерге (кошуун) таянган жамаат башчылары бийлик жүргүзүп, алгачкы мамлекеттик түзүлүш калыптанган. Гавайлыктардын жашоосу диндик-социалдык үрп-адат ж-а салттар (табу) аркылуу жөнгө салынып турган. Салттуу чарбасы: дыйканчылык (банан, бал камыш, батат, таро, ямс ж. б.), балык кармоочулук, мал чарбачылык. Кеме куруу, буладан (тапа) көркөм буюмдарды, куш канатынан плащ, шлем ж. б. жасоо жогорку деӊгээлде өнүккөн. 18-кылымдын аягында европалык, америкалык колониячылар, айрыкча АКШ Гавайи аралын басып алгандан кийин калктын саны өтө тез азайып, маданияты кыйраган. Гавайлыктардын европалыктар, америкалыктар ж-а азиялыктар м-н аралашуусунан аргындар пайда болуп, алардын бир бөлүгү гавайи тилин ж-а маданиятынын айрым элементтерин сактап калган. Учурда Гавайлыктардын көпчүлүгү шаарда жашашып, тейлөө тармактарында иштешет. Гавайлыктардын арасында гавайи маданиятын кайра жаратуу ж-а сактоо аракеттери күч алууда.
Ш. Керимова.