ГАГАУЗ ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАГАУ́З ТИЛИ – гагауздардын тили. Түрк тилдеринин түштүк-батыш (огуз) тобуна кирет. Эки диалектиге бөлүнөт. Лексикасында ж-а синтаксисинде орус, болгар, молдаван тилдеринин таасири күчтүү. Молдавияда жашаган гагауздардын тилинин жазуусу 1957–95-жылдары орус алфавитине, 1996-жылдан латын графикасына негизделген.