ГАЗ
ГАЗ (фр. gaz, гр. chfos – башаламан) – заттын бөлүкчөлөрү эркин кыймылдап, бири-бири м-н байланышпаган же өтө начар аракетте болуп, өзүнө берилген көлөмдү толук ээлеген агрегаттык абалы. Табиятта газ абалындагы заттар кеӊири таралган. Ал Жер атмосферасын түзөт, катуу тоо тек ж-а суюктуктардын курамына кирет. Күн, жылдыздар ж-а жылдыз аралык заттар бейтарап ж-а иондошкон газдан (плазмадан) турат. Газ идиш көлөмүн толук ээлейт. Катуу ж-а суюк заттан айырмаланып, анын көлөмү температура ж-а басымга көз каранды болот. Газдын физикалык касиеттери катуу ж-а суюк абалдагы заттардан айырмаланат. Магниттик касиети боюнча газ диамагниттүү ж-а парамагниттүү болуп бөлүнөт. Бардык катуу ж-а суюк заттар басым ж-а температураны өзгөртсө, газ абалына өтөт. Туруктуу басым учурунда катуу зат газ абалына өтүүдөн мурда суюк абалга (эрүү), андан кийин газ абалына (буулануу) өтөт. Жер шарына кеӊири таралган газ – аба. Бийиктик өскөн сайын анын тыгыздыгы төмөндөйт. Тыгыздыгы төмөн газда молекулалардын кош урунуулары көп. Суюлтулган газда молекулалар аралык тартылуу күчү басымдуулук кылып, газ кысылууга каршылык көрсөтөт. Температура жогорулаганда молекулалардын урунуу саны көбөйүп, түртүлүү күчү басымдуулук кылат. Молекулалар аралык түртүлүү ж-а тартылуу күчтөрү теӊ салмактагы температура Бойль температурасы деп аталат. Газ абалын мүнөздөөчү теӊдемелер: идеалдуу газдар үчүн Менделеев – Клайперондун pv=RT теӊдемеси, мында v – газдын көлөмү, p – басымы, Т – абсолюттук температура, R – газдын универсал туруктуу саны; реалдуу газдардын абалы Ван-дер-Ваальс теӊдемеси м-н аныкталат, мында а ж-а b – реалдык газдардын касиеттерин мүнөздөөчү туруктуу чоӊдуктар. Реалдык газдын ички энергиясы идеалдуу газга караганда дайыма чоӊ. Анткени реалдык газдын молекулалары кинетикалык ж-а потенциялык энергияга ээ. Молекулалар аралык аракеттешүүдө көӊдөй тоскоолдук аркылуу турактуу кичине ылдамдык м-н өткөн реалдык газдын температурасынын өзгөрүшү молекулалар аралык аракеттешүү м-н шартталат. Бул эффект оӊ (газ муздайт), терс (газ ысыйт) ж-а нөлгө барабар. Газдын касиетинин негизинде метеор, самолёт, снаряд, спутник ж. б-дын атмосферадагы кыймылы изилденет (к. Газ динамикасы). Металлдардагы эркин электрондордун тобу болгон электрондук газ, кристаллдагы фонондордун жыйындысы ж-а суюк гелий фонондук газ деп эсептелет. Элементардык бөлүкчөлөрдүн ж-а квази бөлүкчөлөрдүн тобу да газ катары каралат.
Ад.: Гиршфельдер Ж., Кертисс Ч., Берд Р. Молекулярная теория газов и жидкостей/Пер. с англ. М., 1961; Кикоин А. К., Кикоин И. К. Молекулярная физика. М., 1976.