ГАЗ ГЕНЕРАТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ГЕНЕРАТОРУ (газ ж-а лат. generator – өндүргүч) — катуу ж-а суюк отунду күйүүчү газга айландыруучу аппарат. Газ генераторунун ички капталы отко чыдамдуу материалдан жасалган цилиндр түрүндөгү шахта болуп, жогору жагына жагылуучу отун толтурулуп, тор м-н тосулат. Төмөн жагынан аба же суу буусу, буу м-н кошо кычкылтек аралашмасы же көмүр окиси м-н үйлөтүлөт. Булардын таасиринен отун реакцияга кирип ажырап, андан аба газы, аралашма газ, буу-кычкылтек газы ж-а регенерацияланган газ пайда болот. Отундун күйүп бүткөн бөлүгү тордон өтүп, күл тоскучка чогулуп, андан сыртка чыгарылат. Пайдаланылышына жараша Газ генератору орнотулган ж-а көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулган Газ генератору жылуулук станцияларында, өнөр жай орнотмолорунда ж-а технологиялык линияларда жагыла турган күйүүчү газды иштеп чыгаруу үчүн колдонулат. Көчмө Газ генератору – автомобилге, тракторго орнотулуп, күйүүчү газды иштеп чыгаруу үчүн пайдаланылат.