ГАИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАИ́ТИ , Г а и т и Р е с п у б л и к а с ы – Вест Индиядагы мамлекет. Гаити аралынын батыш бөлүгү м-н ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш ж. б. аралдардан орун алган. Аянты 27,7

миӊ км2. Калкы 11,4 млн (2020). Мамлекеттик тили – француз ж-а гаити (креол) тили. Борбору – Порт-о-Пренс шаары. Гаити административдик жактан 10 департаментке бөлүнөт. Акча бирдиги – гурд. Гаити– БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) ж. б-дын мүчөсү.


Таблица бар


Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)


Гаити – унитардык мамлекет. Конституциясы 1987-жылы 29-мартта кабыл алынган (1996-жылы 8-августта референдумда өзгөртүлгөн). Башкаруу формасы – аралаш республикалык. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламенттен (Улуттук ассамблея) турат. Депутаттар палатасы ж-а Сенат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Гаити христиан-демократиялык партиясы ж-а Гаити социалдык-христиан партиясы.
Рельефи тоолуу (бийиктиги 2674 мге чейин, Ла-Сель тоосу). Аралдары аскалуу. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орточо температурасы 23–

Аралдагы эрозияга учураган тоо капталдары.

29°С. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2000 ммге чейин. Ири дарыясы: Артибонит, анда кеме жүрөт. Кюль-де-Сак ойдуӊунда Гаитидеги эӊ ири көл – Соматр (113 км2) жайгашкан. Аймагында көбүнчө жалбырагы күбүлмө тропик токою, түштүгүндө дайыма жашыл баалуу дарактар өсөт. Гаитиде жалпы аянты 7,45 миӊ га болгон 8 коргоого алынган табигый аймактары, анын ичинде– Ла-Визит ж-а Макая улуттук парктары бар.
Калкынын 95%ин негрлер (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери – католиктер. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 51,6, аялдарыныкы – 54,3 жаш. Ири шаарлары – Порт-о-Пренс, Ле-Ке.
Европалыктар келгенге чейин аралды индей уруулары (аравак-таино ж-а сибон) жердешкен.

Порт-о-Пренстеги көчө соодасы.

Таинолор отурукташып жашашкан, алар маис (жүгөрү), гозо өстүрүшкөн, ал эми сибондор аӊчылык ж-а жыйноочулук м-н кесиптенишкен. 15-кылымдын аягына карата алардын жалпы саны болжол м-н бир млнго жеткен. 1492-жылы 6-декабрда Х. Колумбдун экспедициясы аралды Эспаньола деп атап, Испаниянын колониясына айландырган. Испандар өзүлөрүнүн бийлигин ж-а динин тааныгысы келбеген жергиликтүү индей урууларын кырып, калгандарын кул кылышкан. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында Испания, Франция ж-а Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-кылымдын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 1804-жылы арал Францияга көз карандысыз деп жарыяланып, кулчулук жоюлган ж-а ага мурдагы Гаити деген индейче аты кайтарылган. Гаити 1807-жылы Гаити мамлекети (негрлер көзөмөлдөгөн) ж-а Гаити Республикасы болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1821-жылы генерал Ж. П. Буайе өлкөнү бириктирип, бирдиктүү Гаити республикасын түзгөн. 1825-жылы Франция анын көз каранды эместигин тааныган. 1844-жылы аралдын Гаитиден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өз алдынча мамлекет – Доминикан Республикасы түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939–45) Гаити АКШнын согуш ж-а сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Гаитиде демократиялык кыймыл кулач жайды. 1957-жылы АКШнын жардамы м-н Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин (диктатура) орнотту. Диктатор дүйнөдөн кайткан соӊ, 1971-жылы анын ордун уулу – Ж. К. Дювалье ээлейт, ал өзүн 1985-жылы «түбөлүк президент» деп жарыялайт. 1986-жылы башталган толкундоолордун жүрүшүндө Дювалье өлкөдөн качып кетет. 1990-жылы декабрда Ж. Аристид президент болуп шайланды, бирок 1997-жылы аскердик төӊкөрүштөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. 1994-жылы өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген, Аристид президенттик орунду ээлеген. 2004-жылы ал кайрадан качкан, анын ордуна Б. Александр шайланган. 2006-жылы 14-майда аны Р. Преваль алмаштырган. Учурда өлкөдө ички саясий абал туруксуз бойдон калууда.
Гаити – Латын Америкасындагы эӊ жакыр өлкөлөрдүн катарындагы агрардык өлкө. Дүӊ продукция наркынын 30% айыл чарбасы, 20% өнөр жайы, 50% тейлөө кызматы берет. Гаитинин аймагынын 49%и айдоо ж-а көп жылдык өсүмдүктөр; жайыт – 30%, токой – 25%, айыл чарбага жарактуу жерлер – 0,2%. Тоо-кен тармагында алюминийдин негизги кенташы – боксит иштетилет. Өнөр жайы начар өнүккөн. Деӊизден креветка, краб, омар, балык кармашат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: кофе, агава, сизаль, бал камыш, гозо, цитрус, банан, жүгөрү, таруу, шалы. Мал чарбасы көбүнчө тоолуу райондордо. 2003-жылы 546 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 4160 км. Негизги деӊиз порту Порт-о-Пренс. Эл аралык ири аэропорттору бар (Порт-о-Пренсте, Кап-Аитьенде). Сыртка негизинен текстиль, кофе, кант чыгарат. Негизги соода шериги – АКШ.
Билим берүүсү 6 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү түрдө ж-а акысыз. Порт-о-Пренс шаарында университет, политехникалык институт, бир нече менчик университеттер, Гаити-Америка институту, илим-изилдөө институттары, Улуттук музей, Улуттук китепкана, Гаитинин искусство борбору ж. б. бар. Гаитиде жалпы тиражы 35 миӊ нуска болгон 14 гезит, журналдар чыгат. 1930-жылдан радиоуктуруусу иштейт. Эки телекөрсөтүү станциясы бар. Адабияты негизинен француз, ошондой эле креол тилинде да өнүгүүдө. Архитектуралык эстеликтеринен Порт-о-Пренстеги собор (18-кылым), Кап-Антен шаарына жакын Ло-Ферьер

Гаити акчасы.

цитадели (19-кылым) ж-а Сан-Суси аксарайы (1811–12) бар.


Ад.: Метеллюс И. Проблемы развития национального внутренного рынка Гаити. М., 1996; Cheong- Lum R. Haiti. N. Y., 1999; Anthony S. Hait. N. Y., 2005.