ГАЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Галан Я. А.

ГАЛА́Н Ярослав Александрович [14 (27) 7. 1902, азыркы Польшадагы Дынов деген жерде – 24. 10. 1949, Львов] – украин жазуучусу, драматург, публицист. 1923–1928-жылдары Вена жана Краков университеттеринде окуган. Камакта (1934, 1937) отурган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында фронттук гезиттерде, радиодо кабарчы болгон. Украина жөнүндө очерк, аӊгемелерди, ошондой эле антифашисттик жана антиклерикалык памфлеттерди («Шайтандын кызматында», 1948; «Наадандыктын атасы жана анын жан-жөкөрлөрү», 1949) жазган. Ал – «Этенгеймдик Дон Кихот» (1926–27), «99%» (1930), «Ячейка» (1932), «Таӊ алдындагы махабат» (1949) пьесаларынын автору. «Тандалмалар» жыйнагындагы памфлеттери үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952, өлгөндөн кийин).