ГАЛАЦ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛА́Ц – Румыниядагы порт шаар. Галац жудецинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Дунай дарыясынын жээгинде. Калкы 285,5 миӊ (2012). Металлургия комбинаты, кеме куруу ж-а жабдуулар өндүрүшү, химия, текстиль, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, тарых, искусство музейлери, чиркөөлөр (17-кылым) бар.