ГАЛДАН БОШОКТУ
ГАЛДАН БОШОКТУ [калм. Галдан-Бошигт, моңг. Галдан бошигт (болжол менен 1644/45 – 13. 3. 1697) – Жуӊгар ханы (1671–1697). Жуӊгар хандыгын (XVII–XVIII) негиздеген Эрдене Баатыр коӊтаажынын (1635–1653) 6-уулу. Энеси Умагач Калмак хандыгын (XVII–XVIII) негиздөөчүлөрдүн бири Өрүлүк (Хо-Урлюк) тайшы (1633–1644) болгон. 1671-жылга чейин Тибеттеги лама монастырында кутукты (кечилдик наам) кызматын аткарып жүргөн. Жуңгарлардын экинчи ханы (1653–1670/71) Сеӊге Чечен (Цэцэн) тайшы баш болгон бир туугандары тарабынан 1670-жылдын аяк ченинде өлтүрүлгөндөн кийин хандыкта ич-ара жаңжал башталган. Эрдене Баатыр коӊтаажынын кызынын баласы Очирту-Чечендин жардамы менен Галдан Бошокту Чечен тайшынын колун талкалап, анын ордун ээлеген. Бийликке келери менен Сенгенин аялы (Очирту-Чечендин кызы) Ануга үйлөнгөн. Очирту-Чечендин жана анын баласы Галдама нойон Кашкар, ошондой эле Талас тараптагы кыргыздар менен Түркстан калаасынын айланасындагы казактарга каршы бир нече жолу жортуулга чыккан. Галдан Бошокту алгачкы учурда аларга таянып, такка отурууга укугу бар жакын туугандарын өлтүртө баштаган. Биринчилерден болуп бир тууганы Соно Рабтан, кийин (1672) Баатыр менен Чечен тайшылар өлтүрүлгөн. Сеӊгенин баласы Араптан (Цеван Раптан, Цеган Раптан) Чыгыш Түркстанга качууга аргасыз болгон. 1677-жылы кайнатасы Очирту-Чечен-хандын колун талкалап, бүт Жунгарияга хан болгон. 1678-жылы анын аскер башчысы Раптан Сайрамды алып, шаар күм-жам талкаланган. Кийин Чыгыш Түркстанды (кара: Абд ар-Рашид-хан II, Аппак кожо) каратып (1678), Жаркент хандыгын Аппак кожого, Кашкарды анын уулу Жаханга (Йахийа) берген. Ушул учурдан баштап Чыгыш Түркстан Жуңгар хандыгына көз каранды болуп, жылына 100 000 теңге салык төлөп турууга тийиш болгон. 1679-жылы Далай-лама Vнин (1642–1682) колунан «бошокту» («бейпил», «берекелүү») деген наам алган жана 17-кылымдын 80-жылдарынын башында Галдан Бошоктунун аскери кыргыздарга жана Фергана менен Сайрамга бир нече жолу чоӊ жүрүш жасаган. Кыргыздардын акыркы жолу Ысар (Гиссар), Гөлөп (Куляб), Анжиянга сүрүлүшү ушул учурларга туш келет. 80-жылдардын аягында Халхада чыккан көтөрүлүштү басуу үчүн 40 миӊ кол менен аттанган. Халха ханы Түшөт (Тушету) хан жардам сурап, Цинь императоруна кайрылган. Галдан Бошоктунун аскери менен Цинь армиясынын негизги беттешүүлөрүнүн бири 1690-жылы 21-июлда Ологой көлүнүн жээгинде өткөн. Күчтөрдүн бирдей болгонуна карабай, манжурлар (Цин) жеӊилип, артка чегинишкен. Ошол эле жылдын 1–2 августундагы Улан-Бутундагы салгылашуу эки жакка теӊ жеӊиш алып келген эмес. Аялы Ану анын жанында такай жүрүп, эрдик көрсөткөн. 1695–96-жылдары өз аскери менен азыркы Моңголиянын аймагына кирип барып, Цинь аскеринин курчоосунда калган. Ушул жерден жеӊилип, 1697-жылдын 13-мартында уу ичип өлгөн. Өлүгү өрттөлүп, күлү Пекиндин дарбазаларынын бирине илинген. Жуңгар хандыгынын тарыхында Галдан Бошокту эӊ көрүнүктүү орундардын бирин ээлейт. Анын тушунда өнүккөн көп өлкөлөр бул хандык менен эсептешип турууга аргасыз болушкан жана ал хандыктын чек арасы кеӊейип, чыгышы Халхага, батышы азыркы Кыргызстанга (Чүй–Талас сууларына) чейин жеткен. Алгачкы жолу өз тыйынын чыгарган. Атасы кабыл алган мыйзамдарга (Цааджин бичиг) толуктоолорду киргизген. С. М. Абрамзон жыйнаган оозеки маалыматтарда Жаңыл мырзага байланыштуу калмактардын ханы Калдама, Доржу тууралуу аңгемелер кездешет.
Ад.: Думан Л. И. Аграрная политика цинского (манчжурского) правительства в Синьцзяне в конце XVIII века. М.-Л., 1936; Абрамзон С. М. Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня. //Этническая история народов Азии. М., 1972; Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Кычанов Е. И. Повествование ойратском Галдане Бошокту-хане. 2-е изд., Элиста, 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.