ГАМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́МА , В а с к о д а Г а м а (1469, Португалия, Синиш – 24.12.1524, Индия, Кочин) – португалиялык деӊиз саякатчысы. Алгачкылардан болуп Европадан Индияга деӊиз жолун (1497–99) ачкан. Гама жетектеген экспедиция Африка континентин айланып өтүп, Сомалинин жээгине жеткен. Ал жерден бортко мүчө болуп алынган араб лоцманы кемени Индиядагы Каликут шаарына алып келген. Жолдо ар кандай себептерден каза болуп отуруп,

Гама да Васко.

экспедицияга катышкан 168 кишинин 55и гана Лиссабонго кайткан. Гама алгачкылардан Борбордук Атлантиканы меридиан багытында кесип өтүп, эч кандай кургактык жок экенин аныктаган. 1502–03- ж-а 1524-жылдары эки жолу Индияга саякат жасаган. 1524-жылы Индиянын 5-вице-королу болуп дайындалган.


Ад.: Кунин К. Васко да Гама, 2 изд. М., 1947; Шуливский Т. А. Три неизвестные лоции Ахмада ибн Маджида, арабского лоцмана Васко да Гамы. М.; Л., 1957.