ГАМЕТОГЕНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАМЕТОГЕНЕ́З (гаметa... ж-а ...генез) – жыныс клеткаларынын (гаметалардын) өрчүү ж-а калыптануу процесси. Аталык гаметалар (сперматозоиддер) – спермогенез, энелик гаметалар (жумуртка клеткалар) оогенез деп аталат. Көп клеткалуу жаныбарларда гаметогенез жыныс бездеринде же гонадаларда (энелик клеткада, урукта, кыстеке жыныс бездеринде) үч этап м-н жүрөт: 1) алгачкы жыныс клеткалардын – гаметагонийлердин (сперматогоний ж-а оогонийлер) мейоз жолу м-н көбөйүшү; 2) ал клеткалардын өсүп жетилиши (гаметоцитте); 3) сперматозоиддердин ж-а энелик клеткалардын калыптануусу. Өсүмдүктө гаметогенез спораларда башталат. Споралардан өрчүгөн гаплоиддүү гаметофиттердин гаметангийлеринде (аталыгы антеридийлерде, энелиги архегонийде) митоз жолу м-н гаметогенез жүрөт.