ГАОЧАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАОЧА́Н – Чыгыш Түркстандагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы хунндардын доорунан башталат. Б. з. 1-кылымында түндүк хунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген. Хан империясы 2-кылымда хунндардан жеӊилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымдарда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн хунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-жылдары Хэси ж-а Гаочан аймагында хунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген. 460-жылы бул династия жуан-жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда хунндар м-н көчүп келген ашина түрктөрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-кылым 460-жылы) өткөн. Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарларындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында шаар Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 км түштүк-чыгышта.


Ад.: Кляшторный С. Г., Колесников А. А. Восточный Туркестан глазами русских путешественников. А.-А., 1988; История Киргизской ССР. Ф., 1984.
Т. Асанов.