ГАРУА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́РУА – Түштүк Американын Тынч океандык (Эквадор, Перу, Чили) чөлдүү жээктерине бриз м-н келүүчү тыгыз, муздак туман. Бул аймактагы топурак м-н өсүмдүктөрдүн ным алуусунун негизги булагы. Гаруа Түштүк жарым шарда кыш ж-а жаз мезгилдеринде деӊиз абасынын Перу муздак агымынын таасиринен муздашынан пайда болот. Муздак деӊиз агымдары чулгап туруучу жээк тилкелериндеги чөлдөрдүн климатын жалпысынан «Гаруа климаты» деп аташат.