ГВАТЕМАЛАЛЫКТАР
ГВАТЕМАЛАЛЫКТАР – эл, Гватемаланын негизги калкы. Жалпы саны 15 млн киши, анын 42%тин Гватемалалыктар түзөт (2008). АКШ, Мексика, Белизде да жашашат. Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, протестанттар да бар. Гватемалалыктардын этностук негизин испан-индей аргындары – ладино, испан креолдору түзгөн. 16-кылымда испан колониячылары Гватемаланы басып алып, көптөгөн урууларды кырган

ж-а колониясына айландырган. 1821-жылы республика түзүлгөндөн кийин, Гватемалалыктардын калыптануу процесси аяктаган. Испан тилдүү элдер өлкөнүн түштүк-чыгышындагы экономикасы өнүккөн райондордо, ири шаарларда жашап, өнөр жайларда иштесе, кедей (жери аз же жери жок) катмарлары (ладино) жерлерди ижарага алып ж-а плантацияларда жалданып иштешкен. Гватемалалыктарда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Кездеме токуп, бетине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа, таштан, сөөктөн, үлүл кабыктарынан түрдүү буюмдарды жасашкан. Гватемалалыктар дыйканчылык м-н кесиптенип, дубалы камыш, адобадан тургузулуп, сырты ылай м-н шыбалган, чатыры саман, пальма жалбырагы м-н жабылган алачыктарда, жер


үйлөрдө, колунда барлары кыштан салынган чатырлуу үйлөрдө жашашкан. Гватемалалыктардын улуттук кийимдеринде испан ж-а индейлердин кийимдеринин айкалышкан элементтери кездешет. Тамак-ашы негизинен эт, ун азыктары, анын ичинде маис унунан бышырылган нан, ашкабак, төө буурчактан даярдалган тамак, сууга маис уну же бал кошулуп даярдалган суусундуктарды кеӊири пайдаланышат. Гватемалалыктарда дыйканчылык, чиркөө майрамдары улуттук майрам катары майрамдалат.
Ш. Керимова.