ГВИАНА БӨКСӨ ТООСУ
ГВИА́НА БӨКСӨ ТООСУ Түштүк Американын түндүк- чыгышында. Түндүгү м-н түштүгүнөн Льянос-Ориноко түздүгү ж-а Амазонка ойдуӊу, батышы м-н чыгышынан Анд тоолору ж-а Атлантика океаны м-н чектешет. Колумбия, Венесуэла, Бразилия, Гайана, Суринам, Гвиананын (фр.) аймактарында жайгашкан. Эӊ бийик жери 3014 м (Неблина чокусу). Тектоникалык жактан Түштүк Америка платформасынын калканы болуп саналат. Кристаллдуу сланец, гнейс, гранит тектеринен турат; айрым жерлерде аларды кварцит, кумдук, конгломерат тектери жаап жатат. Темир, марганец, алтын, алмаз, боксит кендери бар. Адыр-күдүрлүү, калдык чокулуу денудациялык түздүктөр (бийиктиги 150–400 м) басымдуу. Борбордук бөлүгүндө тегиз, көбүнчө кумдуктан турган чет жакалары тик жарлуу, жондору жалпак платолор – Ауян-Тепуи (2953 м), Рорайма (2772 м) ж. б. жайгашкан. Алардан Амазонка м-н Ориноконун алабындагы көптөгөн дарыялар башталат. Климаты экватордук, субэкватордук ысык ж-а нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200–1700 мм, борбордук бөлүгүнүн чыгышында 3500 ммге чейин. Бөксө тоодон башталган дарыялар өтө көп, алар Ориноко, Амазонка дарыясынын ж-а Атлантика океанынын алаптарына кирип, нуктары өтө босоголуу, шаркыратмалар арбын, дүйнөдөгү эӊ бийик (1054 м) шаркыратма – Анхель да Гвиана бөксө тоосунан башталган Карони дарыясынын алабында. Батышы м-н чыгышында дайыма жашыл нымдуу чытырман ж-а борборунда жалбырагы күбүлмө-дайыма жашыл токой, айрым жеринде саванна, кумдуктан турган платолорунда таштуу жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт.