ГВИНЕЯ БУЛУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВИНЕ́Я БУЛУӉУ Атлантика океанынында, Экватордук Африканын жээгинде, Пальмас тумшугунан (Либерия) Лопес тумшугуна (Габон) чейин созулат. Аянты 753 миӊ км2. Тереӊдиги 5207 м. Биафра ж-а Бенин булуӊдарына бөлүнөт. Аралдары (Биоко, Принсипи, Сан-Томе ж. б.) көп. Вольта, Веме, Нигер дарыялары куят. Суткасына эки жолу ташкындайт (2,7 мге чейин). Негизги порттору: Тема, Аккра, Такоради (Гана), Ломе (Того), Лагос (Нигерия), Либревиль (Габон).