ГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ Николай Николаевич [15 (27). 2. 1831, Воронеж – 1 (13). 6. 1894, азыркы Чернигов облусу, Шевченко кыштагы] – орус сүрөтчүсү, живописчи, көчмө сүрөт көргөзмө шериктештигин түзүүчүлөрдөн. Санкт-Петербург көркөм сүрөт академиясында окуган (1850–1857). Профессор (1864). Римде иштеген (1857–1859). Искусстводо салтка айланган диний темаларды жаӊыча чечип, моралдык курч маселелерди чечкиндүү көтөргөн («Купуя кеч», 1863, Орус музейи, Ленинград). «Петергофто Пётр Iнин уулу Алексей Петровичти суракка алышы» (1871) эмгегинде айыгышкан эки тарыхый күчтүн кагылышын баяндап, кейипкерлердин ички

Н. Н. Ге. Петергофто Пётр Iнин уулу Алексей Петровичти суракка алышы. 1871. Третьяков галереясы (Москва).

дүйнөсүн чагылдырат. 1880-жылдары Христостун кайгысы жөнүндөгү сүрөттөр циклин тарткан («Чындык деген эмне?», 1890; «Голгофа», 1893, экөө теӊ Третьяков галереясы). Анын эмгектери жөнөкөйлүгү, түстөрдүн жана композициялык чечилиштин ачык-айкындыгы менен айырмаланат. Кээде скульптуралык чыгармаларды да аткарган.

Ад.: Порудоминский В. И. Н. Ге. М., 2000; Карпова Т. Н. Ге [Альбом]. М., 2001.