ГЕКТОГРАФ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЕКТОГРА́Ф (гекто... ж-а ...граф) – кол жазма, текст жана сүрөттөрдү көбөйтүп чыгаруу үчүн колдонулуучу эӊ жөнөкөй аспап. Ал өзгөчө желатиндик (даам-жыты жок тунук желим) катмардын түп нускасынын боёгун кабыл алып, аны кайра кыстырылып турган кагаз барактарына түшүрүү касиетине негизделген. Гектографтан түп нусканын 100гө чейинки көчүрмөсүн алууга болот. Гектографты 1869-жылы Россияда М. И. Алисов ойлоп тапкан. Бүгүнкү күндө Гекторграф бир канча өндүрүмдүү ротатор, ротапринтер жана башкалар менен алмаштырылды.