ГЕЛИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́ЛИЙ (Helium), Не – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент. Катар номери 2, атомдук массасы 4,003, тыгыздыгы 0,178. 1895-жылы англиялык химик У. Рамзай клевеит минералынан бөлүп алган. Жер кыртышында массасы боюнча 3.10–7%ти түзөт. Абада көлөмү боюнча 0,0005%, жаратылыш газында 10%ке чейин кезигет. Ал космосто кеӊири таралып, Күн, жылдыз атмосферасында ж-а метеориттердин курамында жолугат. Жаратылыш гелийи эки туруктуу изотоптон (4Не, 3Не) турат. Кадимки шартта түссүз, жытсыз, бир атомдуу инерттүү газ, кайноо t 268,93°С. Кадимки басымда суюк гелий канчалык муздатса да катпайт. Жогорку басым алдында гана катууланат. Гелийдин атому ядродон ж-а эки электрондон турат. Иондошуу потенциалы бардык башка элементтердикинен чоӊ. Өнөр жайда жаратылыш газдарын өтө муздатуу жолу м-н алынат; металл иштетүүдө, тамак-аш консервалоодо инерттүү чөйрө түзүү, өтө төмөнкү температура алуу үчүн ж-а атомдук энергетикада, физикалык лабораторияларда колдонулат.