ГЕЛИОТЕХНИКА
ГЕЛИОТЕ́ХНИКА (гелио... ж-а техника) – техникалык илимдин күн нурунун энергиясын башка энергияга айландыруу жолун изилдөөчү тармагы. Күн өтө көп нур энергиясын Жерге жиберет. Бул агымдын атмосферасынын жогорку чегиндеги тыгыздыгы 1,4 кВт/м2 ге жетет, бирок анын бир топ бөлүгү атмосферага жутулат. Гидротехникалык эсептөөлөрдө күн нурунун тыгыздыгы деӊиз деӊгээлинен 0,815 кВт/м2 деп алынат. 1770-жылы О. Соссюр (Швейцария) «ысуучу ящик» түрүндөгү гелиокурулма жасаган. 19-кылымдын экинчи жарымында Гидротехникага кызыккандар көбөйгөн. А. Мушо (Франция), Ж. Эриксон (Швеция), А. Эниас (АКШ) Күн энергиясы м-н иштөөчү аба ж-а буу кыймылдаткычынын тажрыйбалык үлгүлөрүн түзгөн. Россияда 1890-жылы В. К. Цераский ар түрдүү металлдарды параболалык күзгүнүн фокусуна жайгаштырып эритип, бир топ эксперимент жасаган. 1912-жылы Ф. Шумандын (Германия) ж-а У. Бойстун (Англия) сунушу б-ча Каирдин жанында ошол кезде ири деп эсептелген, кубаттуулугу 45 кВт болгон күн курулмасы курулган. 20-кылымдын 30-жылдарында инженердик эсептөө методдору иштелип чыккандан кийин сууну туздан тазартууда, жер кургатуу ишинде энергия булагы катары гелиокурулмалар пайдаланылган. Космос мейкиндигин өздөштүрүүгө байланыштуу күн нурунун энергиясын электр энергиясына айландыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда физика м-н химиянын жетишкендиги ж-а жогорку техникалык мүнөздөгү арзан материалдарды (пластмасса, синтездик плёнкалар ж. б.) колдонуу – гелиокурулмалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат ж-а өзүнө турган наркын төмөндөтүп, күн энергиясын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет.