ГЕМАТОЛОГИЯ ИЛИМИЙ БОРБОРУ
ГЕМАТОЛО́ГИЯ ИЛИМИЙ БОРБОРУ К Рд и н с а л а м а т т ы к с а к т о о м и н и с т р л и г и н и н – гематология, кемикти трансплантациялоо ж-а радиациялык медицина боюнча илимий, дарылоо ж-а окутуу иштерин жүргүзүчү мекеме. 1997-жылы уюшулган. Анын гематология, реанимация ж-а интенсивдү терапия, радиациялык медицина, бийик тоо гематологиясы, кемикти трансплантациялоо бөлүмдөрү бар. Андан тышкары лабораториялык диагноздоо, трансфизиология, физиотерапия ж. б. кошумча бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле клиникалык гематология ж-а электрондук микроскопия, биохимия ж-а гемостаз, иммунология, цитозихимия, цитогенетика ж. б. илимий лабораториялары бар. Борбордо КР УИАнын 1 корреспондент-мүчөсү, 5 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты эмгектенишет (2007).
Ад.: Райымжанов А. Р. Апластическая анемия и горный климат. Б., 2002.