ГЕМОЛИМФА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕМОЛИ́МФА (гемо... ж-а лимфа) – көптөгөн омурткасыз жаныбарлардын (муунак буттуулар, онихофоралар, моллюскалар ж. б.) туюк эмес кан айлануу системасынын кан тамырларында айлануучу түссүз же жашыл суюктук. Гемолимфа туюк кан айлануу системалуу жаныбарлардын каны ж-а лимфасы аткарган функцияны эле аткарат: О2 ж-а СО2, азык заттарын ж-а бөлүп чыгаруу продуктуларын ташыйт (курт-кумурскалардын трахея системасы өөрчүгөндүктөн, гемолимфа газ ташууга катышпайт); организмди коргоо, осмосту жөнгө салуу ж. б. функцияларды аткарат. Дем алуу пигменттерин (гемоцианин ж-а гемоглобин) үзгүлтүксүз кармап турат. Гемолимфанын курамына клетка элементтери кирет. Айрым курт-кумурскалардын гемолимфасы күчтүү уу чыгаргандыктан, жырткычтар аларды жей алышпайт.