ГЕН
ГЕН (гр. genos – түпкү теги) – тукум куугучтуктун эӊ жөнөкөй бирдиги, дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК), кээ бир вирустарда рибонуклеин кислоталарынын (РНК) бир бөлүгү. Ал хромосомалардын курамына кирет. Ар бир ген клеткадагы белоктордун биринин түзүлүш структурасын мүнөздөп, организмдин белгилери м-н касиеттеринин өөрчүшүн аныктайт. Гендин негизги милдети – ферменттин же башка белоктордун синтезин маалыматтоо. Анын структурасы өзгөрсө, клеткадагы белок синтези бузулуп, ошого байланыштуу белгилердин начарлашы жүрөт. Аллелдин (гендин) бар экенин 1865-жылы Г. Мендель ачып, жаӊы организмдин ар бир белгиси, ата-энесинин жыныс клеткаларындагы тукум куугучтук факторлору аркылуу берилет деп далилдеген. 19-кылымдын аягында митоз м-н мейоздун ачылышына байланыштуу, тукум куума факторлордун тукумга берилишинде хромосомалардын ролу чоӊ деген ойлор айтылган. Тукум куугучтуктун бирдиги катары «Ген» терминин илимге 1909-жылы даниялык генетик В. Иогансен киргизген. Тукум куугучтуктун хромосома теориясын 1910–13-жылы Т. Морган иштеп чыккан. 1944-жылы америкалык илимпоз О. Т. Эйвери ж. б., 1953-жылы америкалык биолог Ж. Уотсон ж-а англиялык физик Ф. Крик ДНКнын структурасын изилдеп, касиеттерин сыпаттап жазышкандан кийин гана, укумдан тукумга берилүүчү тукум куума зат ДНК молекуласында болору толук аныкталган. Тукум куума белгилер укумдан тукумга сакталыш үчүн гендеги нуклеотиддердин ырааттуулугу өзгөрбөөгө тийиш. Нуклеотиддердин бирин эле алмаштыруу (өзгөртүү) тукум куума оорулардын пайда болушуна шарт түзөт. 20-кылымдын 60-жылдары молекулалык биологиянын жетишкендиктеринин натыйжасында негизги 20 амин кислоталарын коддоочу нуклеотиддердин курамы аныкталган ж-а гендин функциясынын закон ченеми түшүндүрүлгөн. Мындай изилдөөлөрдүн натыйжасында клетка гендик маалымат алып жүрүүчү ДНКнын молекуласын көбөйтүүгө жөндөмдүү экени далилденип, репликация деп аталган. Генде ДНКнын көчүрмөсү (копиясы) рибонуклеин кислотасы түрүндө (маалыматтык же мРНК) синтезделет (транскрипция). мРНК клетка рибосомасы транспорттук рибонуклеин кислотасы (тРНК) м-н кошулуп, белгилүү генге тиешелүү белок молекуласын синтездейт (трансляция). Белоктогу амин кислоталарынын ырааттуулугу, анын касиети бүтүндөй нуклеотиддердин генде жайгашуу ирээтине жараша болот. Ошентип ген – ДНК молекуласынын бир бөлүгү (вируста РНК) болуп, тирүү клеткадагы амин кислоталарынын биринчилик структурасында жайгашуу катарын аныктап, ошону м-н бирге организмде белгилердин калыптанышын шарттайт.
Ад.: Уотсон Ж. Молекулярная биология гена/Пер. с англ. М., 1978; Гены эукариот (повторяющиеся гены). М., 1982.