ГЕНЕРАЛИССИМУС
ГЕНЕРАЛИ́ССИМУС (лат. generalissimus – эӊ башкы) – бир катар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндөгү аскердик жогорку наам. Алгач 1569-жылы Францияда киргизилген. Ал согуш мезгилинде бир нече, көбүнчө союздаш армияларга командалык кылган кол башчыларга, кээде падыша үй-бүлөсүнүн бирине жана мамлекеттик ишмерлерге берилүүчү ардактуу наам. Россияда Генералиссимус болгон аскер башчылар: А. С. Шеин (1696-жылы Пётр I берген), А. Д. Меньшиков (1727), Антон Ульрих Брауншвейгский (1740), А. В. Суворов (1799). Советтер Союзунун Генералиссимусу деген наам берүү жөнүндө СССР Жогорку Совети 1945-жылы 26-июнунда Указ чыгарып, 1945-жылы 27-июнда И. В. Сталинге Генералиссимус наамы берилген. Дүйнөдө бардыгы болуп Генералиссимус наамы же мааниси боюнча ага жакын (мисалы түрктөрдө сердарэкрем) наам 70тен ашык адамга ыйгарылган. XX кылымда Генералиссимус наамы Ф. Франко (Испания), Чан Кайши (Кытай) 1992-жылы Ким Ир Сен (КЭДР) жана башкаларга берилген.
