ГЕНЕТИКАЛЫК КОД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНЕТИКАЛЫК КОД – нуклеин кислоталарынын молекулаларындагы тукум куума информацияны туюндуруучу нуклеотиддердин жайгашуу тизмеги. Нуклеин кислоталары – дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) м-н рибонуклеин кислотасында (РНК) нуклеотиддердин 5 тиби (ар бир нуклеин кислоталарында төрттөн) болот. Булар бири биринен курамындагы азоттуу негиздер м-н айырмаланат. ДНКнын курамында аденин (А), гуанин (Г), цитозин (Ц), тимин (Т); ал эми РНКда тиминдин (Т) ордуна урацил (У) болот. Генетикалык коддогу коддоочу нуклеотиддердин саны (4) м-н белоктогу амин кислоталардын саны (20) дал келбегендиктен, коддун саны (б. а. 1 амин кислотаны коддоочу нуклеотиддин саны) триплет (43=64) болот, б. а. бир амин кислотага 3 нуклеотид (коддон) туура келет. Гендеги нуклеотиддердин тизмеги төмөндөгүдөй ЦЦГ–АЦА–ГУА–УУА болсо, булар үчтөн болуп (триплет), ЦЦГ нуклеотиддери пролинди, АЦА треонинди ж. у. с. башка амин кислоталар чечмеленет. Генетикалык код клеткада 2 этап м-н өтөт. Биринчиси ядродо өтүп, транскрипция, экинчиси цитоплазмада жүрүп, трансляция деп аталат.