ГЕНУЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́НУЯ (Genova) – Түндүк Италиядагы шаар. Генуя булуӊунун жээгинде жайгашкан. Италиядагы жана Жер Ортолук деӊиздеги ири порттордун бири (2005-жылы 56,5 млн т жүк ташылган). Швейцария жана Түштүк Германиянын аванпорту. Генуя провинциясынын жана Лигурия облусунун административдик борбору. Калкы 584,0 миӊ (2018). Өлкөдөгү ири темир жана автомобиль жолдор тоому. Х. Колумб атындагы эл аралык аэропорту бар. Шаар спутниктери менен бирге «Чоӊ Генуя» агломерациясын түзөт. Специя порту менен паром аркылуу байланышат. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, химия, жеӊил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1471), 10дон ашык илимий коомдор, ассоциациялар жана институттар, обсерватория, музейлер (анын ичинде Европадагы эӊ ири Чыгыш искусство коллекциясы; 1905), ушул шаарда туулган Х. Колумб, Н. Паганини, Ж. Мадзининин үй-музейлери, заманбап искусство жана Палаццо Россо, Бьянко, Реале галереялары, театрлар (анын ичинде «Атенео», «Карло Феличе»), консерватория жана башкалар бар. Байыртадан лигурилердин тургун жайы. Роман стилиндеги Санта-Мария ди Кастелло чиркөөсү (XI кылым), роман-готика стилиндеги собор (XI–XVI кылымдар), XVI–XVII кылымдардын сарайлары, виллалары тектирчедеги парктары менен шаар дубалдарынын калдыктары, дождор ак сарайы (учурда музей) сакталган. Генуядагы көптөгөн фонтандар жана эстеликтер (Х. Колумб, Ж. Гарибальдинин) шаардын көркүнө көрк кошуп турат.

Сан-Лоренцо собору. XI–XVI кылымдар.

Порт комплексинен батышта өнөр жай зонасы, чыгышта курорттор, түндүк-чыгышта XIX кылымдын курулуштары жайгашкан; туристтик реакрация зонасы шаардын деӊиз жак жээги менен фуникулёр аркылуу байланышат. Эл аралык скрипачтар конкурсу («Премио Паганини», 1954-жылдан жыл сайын), калактуу кемелердин жана яхтсмендердин эл аралык жарышы (төрт жылда бир), Х. Колумбдун урматына майрамдар өткөрүлүп турат. Чоӊ Генуяга чыгыштан Чинкуэ-Терре табигый коругу (жер ортолук деӊиздик флора жана фауна, байыркы жасалма тектирчелердеги жүзүм) туташат, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.