ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР
ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР , ф и з и к а л ы к г е о г р а ф и я л ы к а л к а к т а р, т а б и г ы й а л к а к т а р – географиялык кабыктын зона боюнча эӊ ири бөлүнүшү. Негизинен кеӊдик же субкеӊдик боюнча созулат. Ар бир алкакка термиялык шартынын жалпылыгы (негизинен жер бетине түшкөн күн радиациясынын өлчөмүнө байланыштуу), аба массаларынын циркуляциясынын ж-а зат айлануусунун жалпы өзгөчөлүктөрү, геоморфологиялык, биохимиялык ж. б. процесстеринин бөтөнчөлүгү, өсүмдүк вегетациясынын белгилүү бир ритмикасы ж. б. мүнөздүү. Климаттык факторлорго (негизинен мезгилден мезгилге карата жылуулук м-н нымдын айырмасы) ж-а океандан материктин ичин карай алыстыгына карата Географиялык алкактар секторлорго (океан жээктик, ички материктик ж-а алардын арасындагы өтмө) ж-а физикалык географиялык зоналарга бөлүнөт; ал эми тоолуу аймактарга бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Географиялык алкактар рельефтин же океандык агымдардын таасиринен кеӊейет же кууштап кетиши мүмкүн. Кургактыкта адатта экватордон уюлдарды карай экватордук алкакка, экиден (Түндүк ж-а Түштүк жарым шарларда) – субэкватордук, тропиктик, субтропиктик, мелүүн алкактарга бөлүнөт; Түндүк жарым шардын жогорку кеӊдиктеринде субарктикалык ж-а арктикалык, Түштүк жарым шарда – субантарктикалык ж-а антарктикалык алкактар жайгашкан. Географиялык алкактар дүйнөлүк океандарда да байкалат, бирок алар көбүнчө бир түрдүүлүгү м-н айырмаланат.