ГЕОГРАФИЯЛЫК УЛУУ АЧЫЛЫШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК УЛУУ АЧЫЛЫШТАР – 15-кылымдын аягынан 17-кылымдын жарымына чейин европалык саякатчылар жасаган географиялык ири ачылыштарды белгилөө үчүн адабияттарда шартуу кабыл алынган термин. Европада чыгыш өлкөлөрүнө түз баруучу деӊиз жолун табуу идеясы алгачкы жолу 15-кылымдын аягында жаралган; ал эми 17-кылымдын ортосунда деӊиз жолдорунун бири ачылып, эгерде дагы жол болсо, анын практикалык мааниси жокко эсе деген пикир пайда болгон. Чет өлкөлүк адабияттарда бул мезгил 15-кылымдын ортосунан 16-кылымдын ортосуна чейинки аралыкты камтыйт. Анткени бул мезгилде маанилүү географиялык ачылыштар ургаалдуу жүрүп, Европанын ж-а бүткүл дүйнөнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. 20-кылымдын аягында, Американын ж-а Индияга деӊиз жолунун ачылгандыгына 500 жылдыгы болгон, бирок аларды белгилөө мааракесинин алдында Географиялык улуу ачылыштардын тегерегинде талаш-тартыш курч жүргөн. Мисалы, Латын Америкасынын, Азиянын ж-а Африканын айрым өлкөлөрүнүн коомдук ишмерлери ж-а окумуштуулары «өзүлөрүнүн эзилүүсүнүн башталышын майрамдоодон» баш тартып, «жаӊы ачылган» деген терминди «маданияттардын жакындашы» же «бир маданияттан экинчи маданиятка өтүү» түшүнүктөрү м-н алмаштырууну сунуш кылган.
Географиялык улуу ачылыштардын болушуна бир нече себеп болгон. Европада шаарлардын өсүшү ж-а товар-акча мамилесинин өнүгүшү, алтын, күмүш ж. б. кымбат металлдардын жетишсиздиги жаӊы жерлерди, Азия өлкөлөрү м-н түз соода жолдорун таап, ал жактан пил сөөгүн, баалуу аӊ терилерин ж-а морждун азуусун, ошондой эле татымалдарды ж. б. алууга үмүттөнүшкөн. Европанын экономикасынын өнүгүүсү байлыктын «чордону» деп эсептелген Чыгыш өлкөлөрүнө тыгыз соода түзүү м-н байланыштырылган. 15-кылымдын ортосунда Осмон империясынын басып алууларына байланыштуу Кичи Азия м-н Сирия аркылуу Чыгышка каттаган соода жолу жабылып калгандыктан, Чыгыш м-н түз байланыштыруучу деӊиз жолун табуу өтө зарыл болгон. Мында диний-саясий себептер да болгон. Византия урагандан кийин бүт Европага осмондор коркунуч туудура баштагандыктан, христиандар Чыгыштан диндештерин издей баштаган. 12-кылымдан баштап пресвитер Иоанндын христиан өлкөсү жөнүндө легенда пайда болгон; аны 15-кылымдан христиандык Эфиопия деп эсептешкен. Европалыктар ал өлкөнү таап, аны м-н мусулмандарга каршы союз түзүп, осмондордун басып алуусун токтотууга, Константинополду бошотуп, кресттүүлөрдүн жортуулун улантып, Кудай табытын кайрып алууга умтулушкан.
Географиялык улуу ачылыштар европалык илим м-н техниканын жетишкендиктеринин натыйжасында гана мүмкүн болгон. Ылдам жүрүүчү ж-а ийкемдүү парустуу кемелер – каравеллалар керектүү багытты ж-а кеменин ордун аныктоочу приборлор ж-а таблицалар (астролябия, компас, Региомонтан таблицасы), маалыматтарды кеӊири так чагылдырган географиялык карталар пайда болгон. 15-кылымдын аягында Жер шар формасында экендиги жөнүндөгү божомол да маанилүү роль ойногон. Ошол эле убакта Европада 15-кылымдын ортосунда навигация ж-а жаӊы ачылган жерлер жөнүндөгү маалымат наама китептер чыга баштаган.
Ал мезгилде Географиялык улуу ачылыштарга башка өлкөлөргө караганда Испания м-н Португалия даяр эле. Аларда ыӊгайлуу порттор, байыртадан эле деӊизге байланыштуу көптөгөн салттар калыптанып, географиялык абалы Атлантика океанына чыгууга өбөлгө болгон. Португалия 13-кылымдын ортосунда өзүнүн аймагында Реконкистаны (бошотуу) аяктап, 15-кылымдын башталышында эле деӊиздик ири экспанцияга даяр болгон. 15-кылымдын аягында Испания да деӊиз саякатына даяр эле, каратып алган Канар аралдарын башка аймактарга саякат жасоодо негизги база катары пайдаланган.
Адатта, Географиялык улуу ачылыштарды 2 мезгилге бөлүшөт: 1) 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын ортосу – эӊ маанилүү ачылыштар жасалган мезгил; мында Португалия м-н Испания маанилүү роль ойногон; 2) 16-кылымдын ортосу – 17-кылымдын ортосу – Англия м-н Голландиянын географиялык ачылыштары үстөмдүк кылган мезгил. Бул мезгилдерде орус жер кезүүчүлөрү Сибирге ж-а Ыраакы Чыгышка саякат жасашкан.
Б и р и н ч и м е з г и л д и н башталышында португалиялыктар Африканын батыш жээгин бойлой Гвинея булуӊуна чейин жетип, каратып алган аймактарды өздөштүрө баштаган. 40 жыл бою (1460-жылга чейин) мындай саякаттарды уюштурууда деӊиз саякатчы Энрикенин ролу зор болгон. 1460–70-жылдарда португалиялыктардын түштүктү карай саякаты убактылуу токтогон, анткени Гвинея булуӊунун жээгиндеги байлыктарды (алтын, пил сөөгү ж. б.) өздөштүрүүгө убакыт керек эле. 1480-жылдары саякат кайра күч алган. 1482–84-жылдары ж-а 1484–86-жылдары (же 1487) Д. Кан баштаган 2 экспедиция түштүктү карай 2500 км жүрүп, Намиб чөлүнүн жээгине (22° түштүк кеӊдик) жеткен. 1487–88-жылы Б. Диаш Африка материгинин түштүк учун бурулуп өтүп, Инди океанына чыккан.
1480-жылдары Х. Колумб Чыгыш өлкөлөрүнө батыштан жол табуу долбоорун сунуш кылган. 1492–93-жылдардагы саякатында (Испаниянын желеги м-н) алгачкы жолу Атлантика океанын субтропик кеӊдиктери аркылуу кесип өтүп, Багама, Куба, Гаити аралдарын ачкан. Багама аралына алгачкы жолу түшкөн күн – 1492-жылы 12-октябрь – Американын расмий ачылышы деп эсептелинет. Андан кийин Колумб дагы 3 жолу (1493–96,

Х. Колумбдун Америкага жасаган 1-саякаты (Пинта,
Нинья ж-а Санта-Мария кемелери).

498–1500, 1502–04) саякат жасап, Чоӊ Антил аралын бүт, Кичи Антил аралынын көбүн, ошондой эле Ориноконун чатына жакын жерди, Юкатан жарым аралынан баштап, Дарьен булуӊуна чейинки жээкти ачкан. Испания м-н Португалиянын ортосундагы жаӊы ачылган жерлер боюнча келишпестикти Тордесильяс келишими (1494) жөнгө салган. Бирок, бул келишимден тышкары калган башка өлкөлөр аны четке кагып, 1497-жылы Англия Географиялык улуу ачылыштарга кошулган: Ж. Кабот (италиялык деӊиз саякатчы) Япония м-н Кытайга жетүү аракетинде – Ньюфаундленд аралынн (1497) ж-а Түндүк Американын жээктерин (1498) ачкан.
Кийинки ачылыштар негизинен португалиялыктардын Инди океанынын алабына, испаниялыктардын ж-а португалиялыктардын Латын Америкасына жасаган экспедицияларына байланыштуу. 1497–99-жылдары Васко да Гама Батыш Европадан баштап, Түштүк Африканы айланып Индияга баруучу (1498) деӊиз жолун ачкан. 1500-жылы португалиялык П. Алвариш Кабрал Индияга баратып, Бразилиянын айрым жээктерин ачкан, ошондон кийин португалиялыктар ал жерлерди колониялаштыра баштаган; ошол эле саякатта Мадагаскар аралы да ачылган. Португалиялыктар Африканын чыгыш, Индиянын батыш жээктеринде бекемделип, 1509-жылкы деӊиз салгылашуусунда Египеттин каршылыгын басып, 1511-жылы Малакканы басып алган; кийин ал андан аркы саякаттарга негизги база болуп калган. 1512-жылы Молукка аралына (Татымал аралына), кийинчерээк Кытай м-н Японияга жеткен. Жаӊы Дүйнөдө испандар активдүү болгон: А. де Охеда ж-а А. Веспуччи, В. Яньес Пинсон, Д. де Лепе (1499–1500), Р. де Бастидас (1500–1502) ж. б. Түштүк Американы жээктей Дарьен булуӊунан 16° түндүк кеӊдикке чейин жеткен. 1509–28-жылдары Юкатан жарым аралынын ж-а Мексика булуӊунун жээктерин изилдеген; 1513-жылы Х. Понсе де Леон «түбөлүк жаштык булагын» издеп жүрүп, Флорида жарым аралын ж-а Гольфстрим агымын ачкан. 1519-жылы А. Альварес де Пинеда Мексика булуӊунун түндүк жээгин бүт кыдырган. 16-кылымдын башталышында океандын аркы четинде табылган жер Азия эмес, мурда белгисиз жаӊы дүйнө экендиги айгинеленди. Бирок, Американын байлыктары ачыла элек болгондуктан, аны Чыгыш өлкөлөрүнө баруучу жолдогу тоскоол деп эсептешкен. 1513-жылы В. Нуньес де Бальбоа Панама мойногун кесип өтүп, Тынч океанга чыккан, аны Түштүк деӊиз деп атаган. Атлантика океанын ал деӊиз м-н туташтыруучу кысыкты табуу аракетинде Д. Диас де Солис 1515–16-жылдары Ла-Плата булуӊун иликтеген. Эки океанды туташтырган кысыкты Ф. Магеллан баштаган испан экспедициясы таап, андан ары океанды кесип өтүп, Филиппин ж-а Молукка аралдарына жетип, Х. Колумбдун батыш аркылуу Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачуу тилегин ишке ашырган. Магеллан каза тапкандан кийин анын экспедициясынын Х. С. Элькано баштаган калган мүчөлөрү Инди ж-а Атлантика океандары аркылуу Испанияга кайрылып келип, дүйнөнү биринчи жолу айланып чыккан (1519–22).
Ошол эле убакта Американы ээлеп алуу (конкиста) процесси башталган. 1517–18-жылы Ф. Эрнандес де Кордованын ж-а Х. Грихальванын экспедициялары Мексика тарапты чалгындагандан кийин, анын борбордук бөлүгү – ацтектердин өлкөсү Э. Кортес тарабынан басып алынган (1519–21). 1520–30-жылдары испандар (Кортес, П. де Альварадо, К. де Олид ж. б.) Мексиканын калган аймактарын, Гватемала, Гондурасты басып алып, андан ары Борбордук Американы жээктей Калифорния жарым аралынан азыркы Панамага чейин жеткен. 1527–29-жылдары А. де Сааведра Мексикадан Молукка аралына ж-а Кытайга чейин жетип, каршы соккон шамалдан кайра артына кайрыла албай калышкан; бирок, Адмиралтейства аралынын бир бөлүгүн, Маршалл, Каролина аралдарын ачкан. А. Нуньес Кавеса де Вака (1529–36), Э. де Сото (1539–42) ж-а Ф. Васкес де Коронадо (1540–42) азыркы АКШнын түштүк бөлүгүн изилдешкен. 1526–35-жылдары Ф. Писарро баштаган конкистадорлор инктердин Тауантинсу өлкөсүнө жетип, анын борбордук бөлүгүн каратышкан. 1535–37-жылдары Д. де Аль магро Перудан түштүктү карай саякат жасап, европалыктардан биринчи болуп Анд тоолорун кесип өтүп, 36° түштүк кеӊдикке чейин жеткен. 1540–53-жылдары П. де Вальдивия Чилини каратып алуу максатында 40°түштүк кеӊдикке чейин барган. 1536–37-жылдары Г. Хименес де Кесада алтынга бай Эльдорадо өлкөсүн издеп жүрүп, Колумбияны каратып алган; аны өнүккөн цивилизациялуу чибча-муисктер мекендеген. Ориноко дарыясынын төмөнкү ж-а жогорку агымдарын 1531–32-жылдары Д. де Ордас изилдеп, ал эми Ф. де Орельяна 1541–42-жылдары Амазонка аркылуу Түштүк Американын эӊ жазы жерин кесип өткөн. Башка конкистадорлор Ла-Плата булуӊунан баштап, Парана ж-а Уругвай дарыяларын изилдеген.
1520-жылдардан Географиялык улуу ачылыштарга франциялык изилдөөчүлөр катыша баштайт. 1524-жылы Ж. Верраццано Атлантикадан Тынч океанга жол издеп, Түндүк Американын чыгышын жээктей түндүк кеӊдиктин 34°нан 46°суна чейин жеткен; ал эми 1534–36-жылдары Ж. Картье Ыйык Лаврентий булуӊун ж-а дарыясын (Оттава дарыясынын чатына чейин) изилдеген. Ал Улуу көлдөр жөнүндөгү маалымат алгандан кийин, аны Тынч океан деп эсептеген. Ал эми Улуу көлдөр француздар тарабынан (С. Шамплейн ж. б.) ачылган.
Географиялык улуу ачылыштардын э к и н ч и м е з г и л и н и н башталышында Португалия м-н Испания мурда ээлеп алган зор аймакты өздөштүрүү башталгандыктан, демилге Англияга, кийинчерээк Голландияга өткөн. Буга чейин Чыгыш өлкөлөрүнө Африканы ж-а Американы айланып өткөн деӊиз жолдору ачылып, алар Португалия м-н Испаниянын көзөмөлүндө тургандыктан, Түндүк-Батыш ж-а Түндүк-Чыгыш жолдорун табуу аракети башталган. 1553-жылы Түндүк-Чыгыш өткөөлүн табуу максатында Х. Уиллоби ж-а Р. Ченслер баштаган англиялык экспедиция Россия м-н соода катнашын түзгөн. 16-кылымдын аягында Түндүк- Чыгыш өткөөлүн аныктоо үчүн Голландия катары м-н 3 экспедиция (1594, 1595, 1596–97) уюштурган. Анда негизги ролду В. Баренц ойногон. Бирок, голландиялыктар Жаӊы-Жер аралынан чыгышты карай өтө албай, тарыхта 1-жолу уюлдук аймакта кыштаган; андан кийин чыгышты карай саякат биротоло токтотулган. Түндүк-Батыш жолду табуу максатында жөнөгөн М. Фробишер, Ж. Дейвис, Г. Гудзон, Р. Байлот, У. Баффин, Л. Фокс ж. б-лар баштаган англиялык экспедициялар 1570-жылдардан 1630-жылдарга чейин Түндүк Американын уюлга жакын бөлүгүнөн көптөгөн аралдарды, кысыктарды, булуӊдарды, анын ичинен Гудзон булуӊун да (1610) ачкан. Бирок алар Тынч океанга өткөөлдү, ошондой эле алгылыктуу байлыкты таба алган эмес. 1630–40-жылдарда деӊиз саякатчылары Түндүк-Батыш өткөөлү болсо да, ал соода жолу боло албайт деген тыянакка келген. Түндүк-Чыгыш ж-а Түндүк-Батыш жолдорун издөө натыйжасыз болсо да (алар 19–20-кылымдарда гана ачылган), жалпысынан түндүктөгү деӊиздер ж-а жерлер боюнча көп маалыматтар чогулган, балыкка ж-а китке бай райондор табылган. Географиялык улуу ачылыштарга англиялык деӊиз каракчысы Ф. Дрейктин да салымы болгон, ал 1577–80-жылдары дүйнөнү 2-жолу (Магелландан кийин) айланып чыгып, Оттуу Жер а-н Антарктидадан бөлүп туруучу кысыкты, Түндүк Американын Тынч океандык жээгинин бир бөлүгүн ачкан.
Испаниялыктар 16-кылымдын 2-жарымы – 17-кылымдын башталышында Библиядагы Офир өлкөсүн, ошондой эле Белгисиз Түштүк Жерин (анда ал түштүк кеӊдиктердеги жетүүгө татаал зор аймак деп эсептелчү) табуу максатында Перудан Тынч океан аркылуу 3 экспедиция уюштурган. 1568-жылы Соломон аралын А. Менданья де Нейра ачкан, бирок анын узундуктарын жаӊылыш эсептеп алып, 1595-жылы аны кайра таба албай калган. 1605–07-жылдары Соломон аралын издөөгө чыккан П. Фернандес де Кирос башкарган экспедиция Жаӊы Гебрид аралын ачкан; эки кемени башкарган Л. Ваэс де Торрес биринчи болуп Жаӊы Гвинея м-н Австралияны бөлүп турган кысык аркылуу өтүп, Австралияны Белгисиз Түштүк Жердин тумшугу деп эсептеген. Торрестин бул ачылышы жашыруун кармалып, 18-кылымда гана белгилүү болгон. М. Лопес де Легаспи баштаган экспедициянын мүчөлөрү маанилүү ачылыштарды жасап, анын негизинде Филиппинди колониялаштыруу башталган: 1565-жылы А. де Урданета түштүк кеӊдиктерден айырмаланып, 40° түндүк кеӊдикте соккон шамал Тынч океанды чыгышты карай сүзүп өтүүгө ыӊгайлуу шарт түзөрүн белгилеген. Натыйжада Азия м-н Американын ортосунда туруктуу катнаш түзүлгөн.
16–17-кылымдардын чегинде голландиялыктар португалиялыктарды Индонезиядан сүрүп чыгарган. Голландиялык В. Янсзон 1605–06-жылдардагы экспедициясында Австралиянын жээгине 1-болуп жетип, аны Жаӊы Гвинеянын жээги деп эсептеген. Африканын түштүгүнөн Ява аралын карай ыӊгайлуу деӊиз жолун издөөдө Х. Браувер 1611-жылы мурдагы жолдон түштүгүрөөктөн ыӊгайлуу жаӊы жолду тапкан. Ал жол аркылуу голландиялыктар бир нече жолу Австралиянын батыш жээгине жетип, 1616–36-жылдары анын кыйла бөлүгүн ачкан. 1642–43-жылдары голландиялык А. Тасман Австралияны айланып өтүп, аны Белгисиз Түштүк Жердин бөлүгү эмес экендигин аныктаган; андан кийин өзүнүн урматына аталган аралды ачкан. Бул саякатта ошондой эле Түндүк ж-а Түштүк аралдар (Жаӊы Зеландия) ачылган. А. Тасман 1644-жылдагы саякатында Австралиянын түндүк жээги боюнча туташ тилкени түзгөн 5500 км аралыкты сүзүп өтүп, Австралиянын өзүнчө материк экендигин аныктаган. Бирок, аймак голландиялыктарды кызыктырган эмес, аны андан ары иликтөөнү токтоткон.
Батыш Европа өлкөлөрүнүн деӊиз саякаттарынын мезгилинде орус жер кезүүчүлөрү 16-кылымдын аягында Сибирге кирип, 17-кылымдын 1-жарымында Түндүк Азияны кесип өтүп, Охота деӊизине жеткен. Жер кезүүчүлөр саякат учурунда Сибирдин улуу дарыяларына байкоо жүргүзүп, орус деӊиз саякатчылары Азиянын түндүк жээги аркылуу сүзүп өткөн. 1648-жылы Ф. Попов – С. Дежнёвдун экспедициясы Түндүк Муз океандан Беринг кысыгы аркылуу Тынч океанга өтүп, Азия эч жерде Америка м-н туташпагандыгын аныктаган. Бирок, бул ачылуу анча белгилүү болгон эмес; кийин бул саякат В. Беринг тарабынан кайталанган.
Географиялык улуу ачылыштардын м а а н и с и өтө зор болгон. Анын негизинде европалыктардын дүйнө жүзү жөнүндө ой-пикири кыйла кеӊейген. Европалыктар жалпысынан эки дүйнө бөлүгүн – Америка м-н Австралияны ачып, бардык материктердин контурун аныктаган. Дүйнөнү айланган 1-саякаттан кийин Жер шар формасында экендиги, материктер бүт бүтүндөй бир Дүйнөлүк океан м-н чулганары, анын көптөгөн агымдары аныкталган. Жер жүзүндө кургактыкка караганда океан суусу алдаганча зор экендиги айгинеленген. Ошол эле убакта Американын, Африканын ж-а Австралиянын ички аймактары Дүйнөлүк океандын тереӊдиктери сыяктуу эле изилдене элек эле.
Географиялык улуу ачылыштар табигый илимдерге, этнографияга, тарыхка көптөгөн жаӊы материалдарды берди. Түрдүү диндеги ж-а салттагы коомдун турмушу м-н таанышкан европалыктар дүйнө көп жактуу экендигине ынанышкан. Алтын доору ж-а Американын жергиликтүү жашоочуларынын таза ишеними Кайра жаралуу, Реформация доорлорунун идеялары, социалдык утопия м-н үндөшкөн. Ошол эле убакта европалыктардын алыс жашаган элдер м-н баарлашуу тажрыйбасы өзүлөрүнүн тарыхый-маданий жактан бирдей экендигине ынанышкан. Алыскы өлкөлөр жөнүндө жаӊы маалыматтар европалык адабиятты ж-а искусствону байыткан.
Географиялык улуу ачылыштар Европадагы социалдык-экономикалык процесстерге таасирин тереӊ тийгизип, капиталдын алгачкы топтолуусуна шарт түзгөн. Колониялар сырьё булактары ж-а европалык товарларды сатуучу рынок болгон. Негизги соода жолдорунун Жер Ортолук деӊизден Атлантика океанына которулушу айрым өлкөлөрдүн (Италия, Түш. Германия) экономикасын төмөндөтсө, башкаларыныкын (Испания, Португалия, кийинчерээк Англия м-н Голландия) кыйла күчөткөн. Америкалык баалуу металлдардын сыртка көп чыгарылышынан улам Европада алтындын айлануусу эки, күмүштүкү үч эсе көбөйгөн; натыйжада бүт Европа боюнча өтө керектүү нерселердин баасы кескин көтөрүлүп, калктын бир катмарын жакырдантып, калганын байытып жиберген. Соода байланышынын алгач Европа м-н башка дүйнө бөлүктөрүнүн, кийин Америка, Азия ж-а Африканын ортосундагы байланыштардын кеӊейиши дүйнөлүк рыноктун түзүлүшүнө алып келген. Эл аралык мамиледе негизги орунду соода жолдорун көзөмөлдөө үчүн эрегиштик, күчтөнүп жаткан өлкөлөрдүн колонияга ээ болууга умтулуусу ж-а аларды бөлүштүрүү үчүн күрөшү ээлеген. Колониялардын байлыгынын негизинде метрополиялар Европада өз позицияларын чыӊдаган. Экономикалык өнүгүү темпи алынып келинген байлыкты пайдалануу ыкмасына байланыштуу болгон. Натыйжада Англия м-н Голландия алдыга озуп, ал эми Испания м-н Португалия артта калган. Бирок, Географиялык улуу ачылыштар европалыктар үчүн терс таасирин да тийгизген: колонияларга массалык эмиграциянын башталышынан Испания м-н Португалиядан өндүргүч күчтөр кете баштаган. Америкадан алынып келинген жаӊы айыл чарба өсүмдүктөрү (картөшкө, жүгөрү, томат, чай, кофе, какао, гозо) европалыктардын тамак-аш рационун олуттуу өзгөрткөн. Географиялык улуу ачылыштарда пайда болгон колониялык система дүйнөнү негизинен бириктирген, ошол эле убакта дүйнө өлкөлөрүн эки негизги топко бөлүп койгон: 1) тез байып кеткен метрополия; 2) европалык экспанциянын кыйраткыч таасиринен жапа чеккен колониялар. Географиялык улуу ачылыштардын ж-а колониялаштыруунун таасири Азиянын, Африканын ж-а Американын элинин тагдырына бирдей таасирин тийгизген эмес. Азияда европалыктар 18-кылымга чейин стратегиялык мааниси бар пункттарга гана көзөмөл жасаган, бирок, алардын таасири акырындап кеӊейе баштаган. Португалиялыктар орноткон соода монополияларынын режими саясий ж-а диний карама-каршылыктарды күчөтүүгө ж-а колдоого негизделгендиктен, ал Алдыӊкы Азиядагы ж-а Түштүк Азиядагы кырдаалга таасирин тийгизген. Европалык экспанциянын кыйраткыч таасири айрыкча Африкага тийген; андагы кул сатуу процесси көп аймакты ээн калтырып, континенттин тарыхый өнүгүү жолуна таасирин тийгизе баштаган. Латын Америкасында конкистадорлордун ырайымсыздыгы ж-а европалыктар алып келген оорулардан алгач жергиликтүү калктын саны кескин азайып кеткен. Кийинки кыйла жакшыртылган саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында анда европалыктар м-н индейлердин белгилеринин айкалышынан бирдиктүү латын-америкалык коом ж-а маданият жаралган.
Географиялык улуу ачылыштар диний географиядагы айрым өзгөрүүлөргө да түрткү болгон. Европалык миссионерлердин зор масштабдагы аракетинен христиан дини Азияда, Африкада, өзгөчө Америкада, испандар м-н португалдар диний үгүт жүргүзгөн жерлерде католицизм, англистер м-н голландиялыктар жеткен жерлерде түрдүү реформациялык, көбүнчө кальвинисттик маанайдагы агымдар калыптанган.


Ад.: Пешель О. История эпохи открытий. 2-е изд. М., 1884; Атлас истории географических открытий и исследований. М., 1959; Харт Г. Морской путь в Индию. М., 1959; Свет Я. М. История открытия и исследования Австралии и Океании. М., 1966; Бейклесс Дж. Америка глазами первооткрывателей. М., 1969; Магидович И. П., Магидович В. И. Очерки по истории географических открытий. М., 1982–83. Т. 1–2; Три каравеллы на горизонте. М., 1991; Кофман А. Ф. Америка несбывшихся чудес. М., 2001; Рамсей Р. Открытия, которых никогда не было. СПб., 2002; Ведюшкин В. А. Великие географические открытия // БРЭ, Т. 5. М., 2006.