ГЕОГРАФИЯЛЫК ЧӨЙРӨ
ГЕОГРАФИЯЛЫК ЧӨЙРӨ – адамзаттын иш-аракетинин чөйрөсүнө кирген ж-а коомдук жашоосуна зарыл шартты түзгөн жер табияты. Географиялык чөйрө түшүнүгүн алгач Ж. Э. Реклю сунуш кылган, кийин аны Л. И. Мечников, Г. В. Плеханов, А. А. Григорьев, С. В. Калесник, Ю. Г. Саушкин, В. А. Анучин ж. б. өркүндөткөн. Ал адамзаттын жашоо-тиричилиги м-н чарбалык иш-аракетинин негизинде кандайдыр бир даражада өзгөрүүгө дуушар болсо да, коом м-н тыгыз байланышта болот. Анын төрт белгиси бар: 1) жердин коомду курчап турган бир бөлүгү; адамзат Жерден сыртка чыкса да, Географиялык чөйрөнү өзү менен кошо алып кете албайт, анткени ал башка планетада башка чөйрө м-н кездешет; 2) адамзат коомун курчап турган табигый кабык, адамсыз эле пайда болуп, анын таасирине карабай, өз алдынча Жердин географиялык кабыгындагы закон ченем м-н өнүккөн табигый комплекси. Ал эми адамзаттын ою м-н эмгегинин натыйжасында пайда болгон чөйрөнүн элементтери Географиялык чөйрөнүн курамына кирбей, коомдун техногендик чөйрөсүн (шаар, завод, электр станция ж. б.) түзүп, Географиялык чөйрө м-н тыгыз байланышта болот; 3) табият м-н коомдун бири-бири м-н өз ара аракеттенип турган аймагы, бул аймактан сырткары жаткан аймактар Географиялык чөйрөгө кирбейт, бирок ага кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн (CO2 газынын өлчөмүнүн Жер атм-сында көбөйүшү, атом куралын жардыруудан кийин радиоактивдүү жаан-чачындардын түшүшү ж. б.); 4) адам коому өз мүдөөсүнө жараша улам жаӊыдан өздөштүрүп ж-а кеӊейтип турган мейкиндиктер. Географиялык чөйрө мурдагыга караганда азыр бир топ кеӊейди. Кээ бир окумуштуулардын Географиялык чөйрөнү географиялык кабык м-н теӊөөсү негизсиз. Анткени Географиялык чөйрө адамзат коомунун өнүгүшүнө байланыштуу мейкиндик боюнча өрчүйт, ал эми географиялык кабык ордунда калат. ИТРдин (20-кылымдын ортосунан) коомдун Географиялык чөйрөгө таасири планетардык деӊгээлге жеткенине байланыштуу, экологиялык проблемалар (чөйрөнүн булганышы, табият ресурстарынын азайышы ж. б.) кескин түрдө курч мүнөзгө ээ болду. Бул болсо өз кезегинде Географиялык чөйрөнүн сапатынын өзгөчө ресурс катары илим жагына ж-а жаӊы технологияларга салыштырмалуу жогору бааланышына алып келген. Адамзат коомуна коркунуч туудурган экологиялык проблемалар Географиялык чөйрөнүн терс трансформациясына байланыштуу. Ошондуктан чарбалык иштерди түп тамырынан бери өзгөртүп, туруктуу өнүгүүнүн жаӊы жолдорун издөө талап кылынат. Ошондой эле Географиялык чөйрөгө бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн социологиялык чөйрөсүндөгү жагдайсыз процесстер да терс таасирин тийгизет. Географиялык чөйрө м-н коомдун өз ара карым-катнашын гармониялаштыруу – адамзаттын глобалдык проблемаларынын бири. Келечекте Географиялык чөйрө бүткүл географиялык кабыкты ээлеп, Жерден айрылбай анын чегинен сырткары аймакты ээлеши да ыктымал. Географиялык кабык адамзат коомунун Географиялык чөйрөсү болуп, геологиялык акыркы мезгилде (алгачкы палеолит) таанылган. Географиялык эмгектерде Географиялык чөйрөнүн өзүнө адамзат коомун (эмгек куралдары, адам колунан жаралган буюмдар ж-а объектилер ж. б.) кошкон учурлар да болгон. Географиялык чөйрө – коомду өнүктүрүүнүн туруктуу ж-а зарыл шарттарынын бири. Ал коомдун өнүгүшүн акырындатып же ылдамдатып коюшу мүмкүн, бирок коомдук прогресстин чечүүчү фактору боло албайт. Себеби табият м-н коомдун өзгөрүшүнүн өзгөчө закондору бирдей болгону м-н, өзгөрүүнүн темпи түрдүү келет.
Ад.: Иванов-Омский И. И. Исторический материализм о роли географической среды в развитии общества. М.,1950; Саушкин Ю. Г. Географическая среда человеческого общества. М., 1963; Данилов-Данильян В. И., Горшков В. Г. Окружающая среда между прошлым и будущим: мир и Россия. М., 1994.
М. Кадыркулов.