ГЕОХИМИЯЛЫК КЕН ИЗДӨӨ ЫКМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОХИМИЯЛЫК КЕН ИЗДӨӨ ЫКМАЛАРЫ — Жердин литосфера, гидросфера, атм-ра ж-а биосфера кабаттарында химиялык элементтердин таралуу закон ченемин изилдөөнүн негизинде кен табуу жолдору. Бул ыкмалар аркылуу адегенде белгилүү бир жердеги тоо тектеги, топурактагы, табигат сууларындагы, жерге чектеш атмосферадагы ж-а өсүмдүктөрдөгү химиялык элементтердин өлчөмү, башкача айтканда жергиликтүү геохимиялык фон (Сф) аныкталат. Гeохимиялык фон жер кыртышындагы элементтердин кларкына чамалаш же андан арбын болушу мүмкүн. Кенге жакын аймакта химиялык элементтердин өлчөмү геохимиялык фондон аз же көп болуп өзгөрөт. Ал г е о х и м и я л ы к а н о м а л и я (C0) деп аталат. Геохимиялык аномалия аймакта кен бар экенин түздөн-түз көрсөтөт. Алар ысык эриндилер аркылуу кен пайда болгон кезде ж-а андан кийин экзоген процесстеринин таасиринен кенташ түзүүчү негизги ж-а кошумча элементтер айланадагы тоо тектерге өтүп, чачырап которулушунан (миграциядан) келип чыккан. Геохимиялык аномалияларды аныктоо үчүн изилденүүчү аймактан системалуу түрдө ар түрдүү сынактар алынат. Айрым элементтер сынаксыз эле приборлор м-н аныкталып, автоматтык, түрдө жазылып турат (радиометр, бериллометр). Геохимиялык кен издөө ыкмаларынын негизгилери: 1) л и т о х и м и я л ы к ы к м а – тоо тек ж-а алардын күкүмдөрүнөн текши сынак алуу, алардагы элементтерди аныктоо м-н аномалияларды табуу; 2) г и д р о х и м и я л ы к ы к м а – жер астындагы ж-а үстүндөгү суулардын курамындагы химиялык элементерди, эриген минерал заттарды, иондорду, газдарды, рH ж. б. аныктоо аркылуу гидрохимиялык аномалияларды табуу; 3) б и о х и м и я л ы к ы к м а – белгилүү өсүмдүктөрдү текшерип, өрттөп, күлүн анализдөө м-н аномалияларды ачуу; 4) а т м о г е о х и м и я же г а з ы к м а с ы атмосферанын жерге чектеш кабатындагы ж-а топурак кыртышындагы абанын курамынан айрым газдарды изилдөө ж-а алардын өлчөмүн аныктоо м-н кен табуу. Алынган сынактардан керектүү элементтердин өлчөмү спектр анализи ж. б. аркылуу аныкталып, алар математикалык жолдор м-н иштелип чыгат. Натыйжада аймактын геохимиялык карталары, диаграммалар, профилдер түзүлүп, андагы чачыроонун ореолдору ж-а aгымдapы (геохимиялык аномалиялар) белгиленет. Алар казынды ж-а бургулоо жумуштары м-н текшерилет. Геохимиялык ыкмалар алгачкы жолу СССРде (1932-жылдан) колдонула баштаган. Анын теориялык ж-а практикалык негизи советтик геологдор В. И. Вернадский, А. Е. Ферсман, А. П. Виноградов, А. А. Сауков, В. А. Соколов, Н. И. Сафронов, И. И. Гинзбург, А. П. Соловов тарабынан иштетилип чыккан. Аталган ыкмалар Кыргызстанда кеӊири колдонулуп, алардын жардамы м-н көптөгөн кендер ачылган.


Ад.: Сауков А. А. Геохимические методы поисков месторождений полезных ископаемыx. М., 1963; Сафронов Н. И. Основы геохимических методов поисков рудных месторождений. Л., 1971; Справочник по геохимическим поискам полезных ископаемых/Под ред. А. П. Соловова. М., 1990; Соловов А. П. Геохимические методы поисков месторождений полезных ископаемых. М., 1985.